Menu

Депутат Асылбек уулу Казакстанда эки айга камакка алынды

Бөлүшүү:

Казакстанда кармалган кыргызстандык депутат Дамирбек Асылбек уулу, андан тышкары дагы эки кыргызстандык Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Алматы шаарындагы Алмалы райондук соту кабыл алды.

Алар “ири өлчөмдө аткезчилик кылган жана трансулуттук кылмыш тобуна тиешеси болгон” деп айыпталууда. Бул тууралуу сотто жүргөн жергиликтүү агенттиктердин биринин кызматкери кабарлады.

Ага чейин 19-февралда Казакстандын Башкы прокуратурасы аткезчилик боюнча жалпысынан 35 киши кармалганын, алардын үчөө кыргызстандык экенин билдирген.

“Контрабандалык товар Кытайдын түз кирген. Ошондой эле көмүскө бажы схемаларынын жана жасалма документтердин негизинде Кыргызстан аркылуу кирип турган”, деген эле Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Оксана Лоскутова.

Атайын операция Казакстандын Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан менен чектешкен 9 бажы өткөрмө бекеттеринде жүргүзүлгөн.

Депутат Дамирбек Асылбек уулу кармалгандан кийин ал мүчө болгон “Кыргызстан” фракциясы чукул жыйын өткөрдү. Фракция “колдо болгон маалыматтарга караганда, коюлуп жаткан күнөөлөргө депутаттын тиешеси жок ”, деп билдирүү таратты.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков эч кандай билдирүү жасабай турганын, бул ишке кийлигишпей турганын парламенттин басма сөз катчысы билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: