Ырчы Самара Каримова Эмгек сиңирген артист наамына ээ болду. Бул көрүнүш жалпы чыгармачыл чөйрөдөгүлөрдүн төбө чачын тик тургузду. Канчалаган жылдар бою эмгектенип, элге кызмат өтөп келген ырчылар эске алынбай, кечээ эле чыккан Самара Каримова дароо эле Эмгек сиңирген деген наам алыш акылга сыйбаган көрүнүш экенин аттуу-баштуу аксакалдар айтып нааразы болушууда. Эмгеги сиңе электе эмгек сиңиргенди берип жатышкандан кийин, биротоло Эл артистин берип коюшса болмок экен. Аттиң, кайран гана кор болгон мамлекеттик наамдар.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ