Бүгүн, 20-июнга карата Кыргызстанда дагы 192 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 94, Чүй облусунан – 62, Ош шаарынан – 16, Ош облусунан – 14, Ысык-Көл облусунан – 2, Талас облусунан – 2, Нарын облуснан – 2 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 2981ге жетти. Алар:
– Жалал-Абад облусунда — 206 адам;
– Ош облусунда — 300 адам;
– Ош шаарында — 323 адам;
– Бишкек шаарында— 1010 адам;
– Нарын облусунда — 431 адам;
– Чүй облусунда — 369 адам,
– Баткен облусунда — 40 адам;
– Талас облусунда – 27 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 35 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 20 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 1981ге жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 3 адам; Чүй облусунан – 11 адам, Ош шаарынан – 1 адам; Нарын облусунан – 4.
Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, өткөн суткада 3 бейтап оорудан улам каза болгон. 1961-жылы туулган аял киши Ош облустар аралык ооруканасында, 1959-жылы төрөлгөн эркек киши Кара-Суу районунан жана 1958-жылы туулган эркек киши Түп аймактык ооруканасынан каза тапкан.
Илдеттен улам каза болгондордун саны 35ке жетти.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ