Menu

Назарбаев Өзбекстан казак буудайын Европа аркылуу сатып алган учурду эске салды

Бөлүшүү:

Президент Нурсултан Назарбаев Казакстан менен Өзбекстан мамилелери жакшырганын билдирди. Бул тууралуу ал Astana Club жыйыны учурунда айтты:

– Өзбекстанда абдан жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Тилекке каршы, бул жылдар аралыгында биздин экономикадагы өз ара мамиле 5 пайызды гана түзгөн. Көп убакытты текке кетирдик. Элестете аласыздарбы, казак буудайын Өзбекстан Европа аркылуу сатып алып турган.

Назарбаевдин айтымында, акыркы эки жылдан бери өз ара соода жүгүртүү эки эсеге өскөн. Казак президенти чек аралар ачылганын, өзбек экономикасы жана саясаты либералдуу болуп калганын белгиледи.

Соода алакаларынан тышкары Казакстан менен Өзбекстанды жалпы көйгөйлөр дагы бириктирип турат. Назарбаев Арал деңизинин соолуп баратышын эске салды:

– Мурдагы Советтер Союзунун туура эмес экономкалык пландоосунан улам бүтүндөй бир деңиз жок болуп кетти. Эми бош калган деңиздин түбүнөн миллиондогон тонна туз чыгууда. Алар мөңгүлөрдү жок кылууда. Бул биздин жалпы көйгөйүбүз.

Ал мамлекет башчылары бул теманы талкуулашып, экологиялык катастрофаны жеңип чыгуу үчүн эл аралык коомчулуктан жардам сурап кайрылышканын айтты.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: