Menu

Президентке кат – Талайбек Исаев: «Падышанын айткан кеби жерде калабы?»

Бөлүшүү:

Урматтуу президент Сооронбай Шарипович!

Себеп дегенде, урматтуу Президент Сооронбай Шарипович сиз менен Жалал-Абад областынын Кочкор-Ата шаарында ушул жылдын 15-августундагы эл менен болгон жолугушуу учурундагы жыйынга мен да катышканмын. Президент мырза, сиз менен болгон жолугушууда адам өмүрүнө кол салууга аракет кылган деп соттолуп, бирок амнистия менен жазадан бошотулуп, акыркы күндө Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп келе жаткан Эмил Тарыхчиев туурасында айтканмын. Менин башыма төрт жолу ок аткан канкор Тарыхчиев Эмилбекти сот органдары сүттөн аппак кылып актап салганын айтканмын. Базар-Коргон райондук мамлекеттик бийилигинин башчысы А. Бегимкулов 2017-жылдын август айында Э. Тарыхчиевди жооптуу кызматка тактап айтканда Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн элинин, көкүрөгүбүздү өйүп келе жаткан эң оор көйгөйү экени жана акылга сыйбас көрүнүш болуп жатканы боюнча урматтуу президент сизге айтканмын. Бирок ошол күндөн бери бир айга чукул убакыт өттү, райондук, областтык бийлик тараптан же укук коргоо органдары тарабынан кандайдыр бир аракет иштердин, жылыш болгонун байкаган жокпуз.

Болгону 28.08.2018-жылы “Ала-Тоо” маалымат программасы аркылуу менин арызым боюнча иликтөө иштери укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгендигин телевидение аркылуу уктук. Ал эми өзүнчө эле райондук масштабдагы монстрга айланган Э. Тарыхчиев эч нерсе болбогондой, бийликти тоготпогондой өз кызматында кадимкидей иштеп келе жатат. 7-каналдын журналисттерине 03.09.2018-жылдагы берген интервьюсунда мени эч ким чакырган жок, укук коргоо органдары дагы чакырган жок деп мактанганы жана алардын айткандары чындыкка дал кебейт деп, өз креслосунда кебелбей олтуруп теледен чыгып сүйлөгөнү, анын кол тийгис баалуу адам экендигин дагы бир ирет тастыктады.

Андан сырткары айыл өкмөтүнүн коллективинин жалпы чогулушунда Исаев Талайбек жана Базаркулова Гүльмира дегендер детсаддын балдарына окшоп өз арыздарын Президентке айтышты. “Президент эмне кылмак эле, анын айтканын эртең эле чиновниктер унутушат! Мен керек болсо өз ордумда иштей беремин, ал эми алар жазган арыздары алардын кызыкчылыгына эч качан чечилбейт деп бизди шылдыңдаганы биздин ансыз да түтөп турган жаныбызга чок салгандай эле болду. Анын бул айткан сөздөрүн айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен укканыбыздан кийин, биз эми кимге барып арманыбызды айтууну билбей калдык. Президенттин айткан сөзүн тоготпогон мындай чиновникти ким ооздуктай алат?

Бүгүнкү күндө болсо Базар-Коргон райондук мамлекеттик бийлигинин башчысы А. Бегимкулов Тарыхчиевдин адвокатындай, тоодой болгон таянычындай чаң жугузбай коргоп жүрөт. Э. Тарыхчиевдин атына айтылган сындарды териштирип, ага карата чара көрүүнүн ордуна, аны эрке баладай кылып эмгек өргүүсүнө чыгарып салганы таң калтырат. Балким, эл арасында айтылгандай экөө “табакташ” деген сөздүн чындыгы барбы, деген күмөн пайда болуп жатат. Бир жылдын ичинде айыл өкмөтүнүн бюджетин келемиштей кемирип, көзгө көрүнөөрлүк иштерди аткарбагандыгы үчүнбү же элдин эсебинен акча жасап, сотторду сатып алып жана бийликтегилерге жагынайын “бармак басты, көз кысты” деп жан калчаган мээнети үчүн эмгек өргүүсүн бердиби?

Биздин эгемен Кыргызстанда байлыгың, бийилигиң жана жогорку бийлик тарапта тааныштарың болсо адамдын өмүрүнө кол салууга жана каалаган кызматта иштөөгө мыйзам жооп берет экен да. Биз үчүн биринчиден каргашалуу окуянын күнөөкөрү Э. Тарыхчиевдин эки жылдан бери эркин басып, каалаган мамлекеттик кызматтарда иштеп жүргөнү таң калтырса, экинчиден бийлик органдары жана укук коргоо органдары жалпы коомчулуктун пикирин эске албай, ага карата эч кандай чара көрбөгөнү. Ансыз да акыйкат таппай үмүтү үзүлгөн элдин бийликке, президент Сооронбай Жээнбековго жана укук коргоо органдарына болгон ишеничи таш капты деп эсептеймин.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, карапайым элдин, мага окшоп тагдыры тебеленген адамдардын таянар тоосу жалгыз гана сиз деп билебиз. Падышанын айткан кеби эч качан жерде калбашы керек…

P.S. Жабырлануучу Талайбек Исаевдин иши Коопсуздук Кеңешинде каралып, республиканын Башкы прокуратурасына берилгендиги маалым болду.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: