Menu

Түркмөнстанда азчылыкты түзгөн улут өкүлдөрү жумуштан кетирүү ыктымалдыгынан кооптонуп жатышат

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын соода жана транспорт тармагындагы мамлекеттик уюмдарында кызматкерлердин улуту жана кызматы көрсөтүлгөн атайын тизмелер түзүлүүдө. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, тизмелер Ашхабад шаардык соода башкармалыгында, Мамлекеттик соода компанияларында жана Сооданы көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматта түзүлүүдө.

«Аталган мекемелерден жумушчулардын улуту жана ээлеген кызматтары көрсөтүлгөн тизмелер талап кылынган. Мындан улам азчылыкты түзгөн улут өкүлдөрү улутуна карап иштен алынабызбы деп кооптонуп жатышат», — деп жазды басылма.

Түркмөн өкмөтү өлкөдөгү министрликтер менен мекемелердин түзүмүн өзгөртүү тууралуу быйыл январдын аягында жарыялаган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, айрым мамлекеттик түзүмдөрдү бириктирүүнүн алкагында кызматкерлердин санын азайтуу каралууда.

Түркмөнстан өлкөдө жашаган улуттардын саны тууралуу расмий маалыматтарды жарыялабайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: