Menu

Роза Отунбаевадан экстремимздин жаңы түрү

Бөлүшүү:

Ачыгын айталы, экс-президент Роза Отунбаеванын аялдардын жыйынында ызырына сүйлөгөн сөзүн угуп, уккан кулагыбызга ишенген жок элек.

Аны атайылап интернеттен таап окугандан кийин “эжекебизге бир нерсе тийгенби” же бул жаштын, анан жаздын өзгөчөлүгүбү деген ойдо калдык.

Анткени, салабаттуу дипломаттан, анын үстүнө көптү көрүп, бир жарым жыл мамлекеттин да башында турган, эбак чоң эне болгон байбиченин оозунан чыга турган сөздөр эмес. “Баягы филармонияда өткөн регионалдык диалогдо кара таандай болуп отурган эркектерди көрүп чоочуп да кеттик”- деди ал баштаган эле жеринде. Айымдарды анчалык чоочуткудай филармониянын залында маймылдар же мүйүздүү шайтандар отуруптурбу? Эгерде ал өз сөзүн “филармонияда шагыраган эле эркектер отуруптур” дегендей кылып баштаса, эч кимге өөн учурамак эмес. Анысы да мейли эле, эмне үчүн ал эркектерди “кара таандарга” салыштырат?

Ал эми анын “Кыргызстанда мындай кара түр заман жок болчу” дегени адеп-ахлактык нормаларга, цивилдүүлүккө жана адамгерчиликке таптакыр сыйышпайт. Бул үчүн аны сотко берсе да болот. Анткени, кара түргө фашисттер, неофашисттер, айрым диндердеги ашынган радикалдар, бандиттер, бузуп-жарып, бүлүндүрүүнү гана максат кылган күчтөр гана салыштырылат. Аларды “чёрные силы”, “чёрные” деп коюшат. Орустардын тарыхында алардан калышпаган “чёрносотенцы” дегендер да болгон.

Демек, эжекебиз эркектерди “кара түргө” салыштыруу менен аларга карата жек көрүүсү патологиялык чектен ашып кеткендигин билдирип койду. Эмне себептен улам анда мындай сезим бекем орноп калган, ал жөнүндө айта албайбыз. Бирок, апчебиздин неберелери деле турмуш курчу куракка келип калышпадыбы.

Эгерде филармонияда отургандардай “кара түрдөгүлөр” болбосо, Роза апчебиздей ак куу өңдүү айымдардын кимге кереги бар? Ошол “кара түрдөгүлөр” да ак куу өңдүүлөрдү багабыз деп бири-бирине жаман көрүнүп жүрүшпөйбү.

Бишкектеги 8-марттагы аялдардын жүрүшү, башка өңүттө өнүгүп кетиши, агрессияга айланышына апчебиздин ушул сөзү түрткү болбодубу деген суроону айла жок берет экенсиң.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: