Бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, парламенттин депутаты Чыныбай Турсунбеков менен коштошуу зыйнаты өттү. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган парламент депутаттары, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, достору, туугандары жана жакындары катышты.
Чыныбай Турсунбековдун Кыргызстандагы парламентаризмдин өнүгүүсүнө кошкон салымы жогору экенин белгилеген Төрага Дастанбек Жумабеков: “Ал парламенттин депутаты жана Төрагасы катары эгемен өлкөбүздөгү парламентаризмдин калыптанышында барандуу эмгек кылды”,-деди.
Муну менен катар Чыныбай Турсунбеков чыныгы эл өкүлү болгонун айткан Төрага: “Жарандардын кызыкчылыгын көздөп, парламенттин жыйындарында эң актуалдуу жана маанилүү маселелерди көтөрчү, негиздүү жана салмактуу жүйөөлөрдү келтирчү”, – деп билдирди.
Ошондой эле адилеттүү, жароокер адам болгонун, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүндө өзүн кесипкөй депутат катары көрсөтө алганын кошумчалаган Дастанбек Жумабеков: “Оор жоготууга байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”, – деди.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков 59 жаш курагында өпкөнүн сезгенүүсүнөн улам каза болду. Анын сөөгү бүгүн, 7-июлда “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ