Menu

Рысбек Мирзаматов, генерал-майор, “Улуттар Биримдиги” партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү: “Азырынча бир дагы партия менен биригүү тууралуу маселе жок”

Бөлүшүү:

Соңку убакта интернет түйүндөрүндө “алдыдагы парламенттик шайлоого карай “Ата Мекен” жана “Улуттар Биримдиги” партиялары биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө” – деген өңдүү маалыматтар жарык көрүүдө. Биз мындай кабарлардан соң маселенин чын-бышыгын тактоо үчүн “Улуттар Биримдиги” партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Рысбек Мамыровичке азын-оолак суроолор менен кайрылдык.

-Рысбек мырза, сиздердин партия менен “Ата Мекен” партиясы бул жолку шайлоодо да биригип, аламан жарышка биргеликте аттануу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгыңар чынбы?

-Соңку убакта интернетке дал ушундай такталбаган, чындыкка дал келбеген маалыматтар жарык көрүүдө. Мындай маалыматтардын жалган экенин буга чейин биздин партиянын саясый кеңеши атайын билдирүү менен бекемдеди. Мен дагы кайталап койгум келет, ,,Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын саясий кеңеши шайлоо маселелери боюнча азырынча эч кандай саясый күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө элек жана эч бир адамга сүйлөшүү жүргүзүүгө укук берген эмес. Бул жагын чындыкка дал келбеген маалыматта аты аталган Искендер Гаипкулов өзү да атайын билдирүүсүндө белгилеп кетти.

-Демек алдыдагы шайлоодо “Ата Мекен” партиясы менен биригүү тууралуу эч кандай план, максаттар жок экен да ээ? Мындай маалыматтарды чыгарууга кимдердин кызыкчылыгы болушу мүмкүн?

-Туура, азырынча бир дагы партия менен биригүү тууралуу маселе жок. Бул эми саясаттагы айрым шылуун саясатчылардын ыплас оюндары. Тек гана Мелис Мырзакматовду интригаларга аралаштырыш үчүн ойдон токулган “жөө жомокторго” кошуп, партиянын атына жармаштырып жатышат.

Маектешкен: Калыгул Бейшекеев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: