Menu

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын доо арызы каралган сотто БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова көрсөтмө берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-сентябрь күнү Бишкектин административдик сотунда БШКнын чечимине каршы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын доо-арызы каралууда. Соттук отурумда судья Анара Эгембердиева төрайымдык кылууда.

Бүгүнкү отурумга жалпысынан 5 күбө чакырылган. Алардын бири – БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова.

Анын айтымында, алгачкы чечим долбоорунда “Бүтүн Кыргызстан” партияны каттоодон өткөрүү сунушталган, бирок тыныгуу учурунда ал чечим өзгөртүлгөн.

“Жумушчу топтун алдын ала чыккан тыянагы жана БШКнын чечиминин долбоору боюнча “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмеси катталсын деген чечим таркатылган. Ортодо 10 мүнөткө танапис жарыяланып, бирок ал 1 саатка чейин созулган. Күн тартибине партиялардын тизмеси документтерди тапшырган күнү боюнча киргизилип, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы онунчу орунда турган. Бирок БШК төрагасы партиянын суроосун жыйындын аягына калтырды. Андан кийин чечимдин долбоору пайда болгон, ал буга чейинкилерге карама-каршы келген. Жумушчу топтун жаңы корутундусу кайдан чыкты деп сурадым? Мыйзам бузуу болгонун айттым. Мындан тышкары, жыйынга жумушчу топтун мүчөлөрү Кайрат Осмоналиев жана Елена Жылкычиева чакырылган эмес. Жумушчу топтун кол койгон чечимин көрсөтүүнү сурандым. Бирок алар мага азырынча бериле элек” – деди Атыр Абдрахматова.

Белгилей кетсек, БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясын парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодон баш тарткан. Буга аталган партиянын курултай өткөрүүдөгү эреже бузуулары жана курултайда бекитилген тизме менен БШКга өткөргөн тизменин эки башка чыкканы негиз болгон.

БШКнын чечимине каршы чыккан партия доо-арыз менен сотко кайрылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: