Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдү Кыргызстандын Кытай менен чектеш аймагына соода-логистикалык борбор курууга чакырды. Бул тууралуу ал ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Ташкентте өткөн жыйынында билдирди.
— Бул долбоор ШКУ мамлекеттеринин транзиттик дараметин жана соода-экономикалык аймак аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталат. Аны ишке ашыруу бардык өлкөлөргө экономикалык жана коммерциялык пайда алууга шарт түзөт, — деп билдирди өкмөт башчы.
Мухаммедкалый Абылгазиев бул долбоорду ишке ашыруу бардык өлкөлөргө экономикалык жана коммерциялык пайда алууга шарт түзө турганын кошумчалады.
ШКУ – 2001-жылы 15-июнда түзүлгөн, туруктуу иштөөчү өкмөт аралык уюм. Анын курамында Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Пакистан, Индия, Орусия жана Кытай бар.
Төрт өлкө – Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия – байкоочу-мамлекет макамында. Алты өлкө – Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка – ШКУ диалогу боюнча өнөктөш.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ