Menu

Робин Жээнтаев, жеке ырчы: “Менин ысымым “Робин Гуд” тасмасынын негизинде коюлган”

Бөлүшүү:

-Адегенде, жаңырган жылыңыз менен куттуктап, маекке өтөлүк. Ит жылында жетишкен ийгиликтериңиз менен кетирген кемчилдиктериңиз кайсылар болду?

-Чоң рахмат, бирге болсун! Сиздерди да Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Мен үчүн ит жылы жакшы жетишкендиктер менен коштолду десем жаңылышпайм. Чыгармачылыкты жетимсиретпей «Неге» аттуу ырымды клиби менен кошо элге тартуулап, кыйла угармандарымдын аудиториясын кеңейтип алдым. Бирок, ошентсе да көп убактымды өнөргө жумшай албаганым, ичимди ачыштырып турат. Буйруса жаңы жылга жаңы кадам, жаңы дем, аруу тилек ак максаттар, пландар менен кирип баратабыз. Кыргызга аттын кашкасындай таанымал Сыймык Бейшекеев агабыздын «30 жаш» ырын жаңы образ, заманбап стиль менен иштеп чаткан чагыбыз.

-Бул ырды тандап алганыңдын да себеби болсо керек?

-Бул чыгарма өзүнө бир чоң маани-маңызды камтыйт. Аталышы айтып тургандай эр жигиттин күч-кубатка толуп, ташты талкан кыла турган убагы дал ушул курак деп эсептейм. Мен да буюрса бул куракка бара жаткан жолдомун. Бул куракка баргыча ийгилик жаратып, элдин оозуна аз да болсо алынып калам деген үмүт менен ырдап чыктым.

-Учурдагы ырчы-аткаруучулар эптеп эле элге таанылуу максатында үнү бар жогуна карабай, сырткы келбети менен көңүл бурдуруп калышпадыбы. Бул туура көрүнүшпү?

-Элибиз: “бир пайыз талант, токсон тогуз пайызы эмегек болсо ийгилик жаралат”-, деп жөн жерден айтпаса керек. Эгерде аябай мыкты аракет кылса сырткы келбетине укмуш көңүл бурбаса деле, үнү уккулуктуу болсо таланты таш жарып чыгат деп ойлойм. Бирок, сахна сулуулукту, тыкандыкты, тазалыкты талап кылат эмеспи. Сырткы келбетке кам көрө билүү да керек.

-Профессионал ырчы болуу үчүн эң негизги эмнелерге көңүл бөлүү керек деп ойлойсуң?

-Эң оболу өзүңө болгон камкордук керек го. Сүйлөгөн сөзүң, үнүң, кийген кийимиң ар дайым угармандык купулуна толсо жакшы. Анан өзүңдүн үнүң жеткен ырды тандоо, ырдын сөз, обону, музыкалык жасалгасы бардыгы туура келиши керек. Анан албетте профессионал актер, режиссерлор менен иштеше билүү да профессионал ырчы болууга ачылган жол.

-«Ала кушту атынан аташ керек» деген кеп бар эмеспи. Ысымыңыз чындап эле Робинби же лакап атыңызбы?

-Бул суроо мени алыстан тааныган адамдарга ар дайым кызык. Робин өз атыбы же псевдонимби деген ойдо болгондор көп. Мен төрөлгөн жылдары «Робин Гуд» деген кино аябай популярдуу болгон дешет. Ошондон улам атам атымды Робин болсун деп койгон экен. Ысымымдын өзгөчө болуп турганы мага абдан жагат.

-Өлкөнүн рейтингин маданият жана спорт көтөрөт дешет. Келечекте эл аралык конкурс, фестивалдарга катышсам деген ой барбы?

-Албетте, оюмда бар. Үнүмдү вокал сабагына каттап, даярдап жатам. Менин эң биринчи кыялым өлкө желегин чет жакта желбиретип, эл аралык ырчы болуу.

-Быйылкы жылы өзүңүздүн алдыңызга аткара алам деп кандай талап, пландарды койдуңуз?

-Быйылкы жылдын башынан эле шымаланып жең түрө ишке кириштик. Жаз жарыш дегендей, жазга ыр, клиптерди камдап жатабыз. Анткеңи, жаз мезгилинде аймактарды кыдырып концерт берейин деген негизги план бар. Ал үчүн продюсерим Курманбек Ниязбеков экөөбүз бир баш жакшы, эки баш андан жакшы деп быйылдан тарта узак мөөнөткө иштешүүгө келишим түздүк.

-Жакшы тилек, жарым ырыс дейт, ишиңерге ийгилик каалайбыз!

-Сиздерге да терең ыраазычылык билдирем!

Гүлмира Шаршеева

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: