Menu

Соке эми Кытай менен мамилени түздөгөнү барат

Бөлүшүү:

Жакында президент Сооронбай Жээнбековдун Пекинге расмий иш сапары күтүлүүдө. Кытай менен Бишкек ЖЭБдеги коррупция чатагы катуу талкууга алынганы менен, бизге болгон мамилеси эчак эле бузулган дейт билермандар. Калп эле Сапар Исаков “Кытай таарынып калат” деп коркутуп жүрүптүр. Кытай акыркы 2-3 жылда улуу держава болгон үчүн эле унчукпай, улуулук кылып атканын айтпасак, Атамбаевге аябай нааразы дешет. Визалар боюнча санкцияларды киргизгени, биздин соодагерлерди, студенттерди кысымга алганы Кыргызстанга далысын салган белгиси турбайбы. Негизги проблема  Атамбаев эң жакын кошунанын суранычын орундатпай, орус менен казактын сөзүнө азгырылып, темир жолду салдыртпай, артка кетенчиктегени экен.  Бирок мындан да сырткары ондогон кытай ишкерлери салым салган инвестицияларды кыргыз жергиликтүү аткаминерлер тартып алып, мыйзамсыз кордогондору себеп болуптур. Кытайлар мындайларды аябай эле өлүмгө буйруп коёт эмеспи.  Мына ошондой акыйкатсыздыкты жоюп баштадык деп, бийлик жакында Мамановту камакка алыптыр. Бул ишкер Икрам Илмиянов менен Манас Арабаевтерге таянып кытай ишкерлеринин миллиондогон мүлктөрүн алып алган деген айып коюлуп атканын Улуттук коопсуздук кызматынын пресс- билдирүүсүндө жарыяланды.

Булак: Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: