Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн жаңы курамын карап жатат.
Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси кызматына Таалайбек Темиралиевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Анын талапкерлигин өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткан Кубатбек Боронов сунуштады.
Бороновдун айтымы боюнча, ал ӨКМдин башчысы болуп иштеп жүргөндө Темиралиев анын стат-катчысы болгон. “Түшүнүшүп, жакшы иштедик” – деди Боронов.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Алтынбек Исмаиловдун талапкерлиги сунушталып жатат.
Ал эми биринчи вице-премьер-министрликке “Кыргызстан” партиясынан ЖКнын депутаты Алмазбек Баатырбеков сунушталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ