Эгерде пенсиялык реформа ишке ашырылбаса, Социалдык фонду банкрот болуунун алдында турушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда депутат Дастан Бекешев Telegram каналында билдирди.
Ал белгилегендей, бүгүн ЭК Социалдык фонддун 2020-жылга бюджетин жана 2021-жылга планы жөнүндө маселени карайт.
“Социалдык фонд үчүн бул жыл анчалык деле жакшы аяктаган жок. Бирок, жок дегенде, кирешелер чыгашалар менен жакындашат. Буга чейин Соцфонд ар дайым профицит менен чыгып келген. Ошондуктан пенсия реформасы керек. 2021-жылы Социалдык фонд бюджетте бир аз профицит көрсөтүүнү пландаштырууда. Бирок салык кызматы пландалган социалдык чегерүүлөрдү чогулта албашы мүмкүн деген кооптонуу бар”, – деп түшүндүрдү Дастан Бекешев.
Бирок, депутат пенсиялык тутумунда эмнени өзгөртүү керектигин айткан жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ