Menu

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров: Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү – өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги жолдорунун бири

Бөлүшүү:

КРнын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери менен өлкөнү санариптештирүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жетекчилери санариптештирүүнүн алкагында жасалган жана алдыда аткарыла турган иштер боюнча маалымат беришти.

Отурумда санариптештирүүнүн алкагында «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычы ишке ашырылганы, өлкөнү Интернетке кошуу жана сапаттуу электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүү процесси жүзө ашырылганы, «Түндүк» тутумуна бардык мамлекеттик органдар тутуштырылганы айтылды. Муну менен катар 2020-жылы электрондук мамлекеттик тейлөөлөр порталы (https://portal.tunduk.kg) модернизацияланды.

«Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке ашырылып, анын алкагында ведомстволор аралык «Түндүк» электрондук системасына айыл аймактарын кошуу үчүн алгач жергиликтүү өз алдынча органдарында чарбалык китептердин негизинде электрондук базалар түзүлдү. Ушундай эле санариптештирүү иштери бажы, салык жана социалдык багытта иш алып барган мамлекеттик органдар үчүн дагы жүргүзүлүүдө.

«Учурда дүйнө жүзүндө санариптик технологиялар кеңири колдонулууда. Өлкөнүн маалымат, байланыш мүмкүнчүлүктөрү заман талабына шайкеш келиш керек. Санариптештирүүнү натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн квалификациялуу IT-адистерин даярдоо ишин колго алуу шарт. Ошондой эле калкка кызмат көрсөткөн тармактарды санариптештирүү иштерин улантуу зарыл. Бул өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги жолу», – деди Равшанбек Сабиров.

Вице-премьер-министр санариптештирүү коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуу куралы экенин белгилеп, бул багыттагы иштерди күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: