2016-жылы Орусиянын Коргоо министрлиги үйлөмө танктарга, учактарга, ракеталык жабдууларга буюртма берүүнү эки эсеге көбөйткөн. Бул тууралуу «Русбал» компаниясынын өкүлү Алексей Комаров билдирди.
Анын айтымында, 2016-жылы бул продукцияга болгон буйрутма 2015-жылга салыштырганда болжол менен 80% өскөн. Ал учурда заманбап илимий, техникалык жана технологиялык негизде инженердик куралдарды кубултуу жана имитациялоонун жаңы техникасы түзүлүп жатканын белгиледи.
Маселен, үйлөмө танктарды алыстан кадимки аскердик техникадан айрымалоого мүмкүн эмес. Согуштук техниканын пневмомакеттерин өндүрүүдө кадимки эле тигүү технологиясы пайдаланылат. Алсак, үйлөмө танкты тигүүгө үч күн убакыт кетет.
Аскердик техниканын ар бир пневматикалык макети сырткы кабынан, жылуулук жана радиолокациялык имитаторлордон, энергоблоктордон, желдеткичтерден жана башка бөлүктөрдөн турат. Ошондой эле макеттердин курамында катуу каркастар да болушу мүмкүн. Бир макеттин салмагы – 30-100 кг.
“Танктын” баасы болжол менен $20 миң, С-300 зениттик-ракеталык комплекс – $50 миң түзөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ