Жаңыланган “Атамбаевсиз КСДП” жакынкы убакытта “Жаңылануу, тазалануу” урааны менен жемкорлукка (коррупцияга) каршы чоң митинг өткөрүүгө даярданууда. Бул тууралу “Атамбаевсиз КСДПнын” мүчөсү Сапар Мурзакулов билдирди.
“Экс ажо Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык башкаруусундагы уурулук менен жемкорлуктун туу чокуга чыккандыгы ачыктан–ачык болгондугу азыркы абакта жемкорлукка шектелип, абакта отургандардын көпчүлүгү Атамбаевдин башкаруу учурундагы чоң кызматты ээлегендер болгондугу айкын”, – дейт Сапар Мурзакулов тараткан билдирүүсүндө.
Алдыңкы планда “Атамбаевсиз КСДПнын” мүчөсү Сапар Мурзакулов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ