Экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекеттин балансына кайтарып берет. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнүн жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан (мурда алынган) 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып берүү чечимин кабыл алганы такталды.
«Буга чейин жер мурунку чиновниктин жакын туугандарынын атына катталган. Жакынкы жумада Тайырбек Сарпашев жер тилкелерин мамлекеттин балансына кайтарып берет. Финполиция сотко чейинки процессти улантууда”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы КРнын мурунку вице-премьер-министри Сарпашевге байланыштуу мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталгандыгын билдирген. Тергөөнүн версиясы боюнча, Сарпашев мамлекеттик кызматта жетекчи кызматтарды ээлеп турганда, ал көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, кийин аны жакын туугандарына каттатып, декларацияларда көрсөтпөй койгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ