Menu

Эрнис Кыязов, журналист: Паранойя

Бөлүшүү:

Паранойя (др.-греч. παράνοια, дословно — «околомышление») — вид расстройства мышления, странность, возникающая при ряде психических заболеваний и поражений головного мозга. В классическом представлении страдающие паранойей отличаются нездоровой подозрительностью, склонностью видеть в случайных событиях происки врагов, выстраивать сложные теории заговоров против себя, с сохранением в другом логичности мышления.
Википедияда “параноя” деген грек сөзүнүн орусча мааниси ушунтип которулуптур. А кыргызча жалпак тилге салып оодарып көрсөм, адамдын ойлонуусунун бузулушу, психикалык илдеттерге кабылып, баш мээсине доо кетип, анын айынан бир кызыктай мүнөз күтүп, апенди-чалыш болуп калуу,- деген мааниге жакындайт. Параноя менен жабыркаган киши жөнү жок шекшип, бир ыгы жок эле окуялардан өзүнө карата себепсиз душман издеп, басса-турса алардан коргонуп-чүмкөнүп, жаман көрүп, өз дүйнөсүндө өзү менен өзү жашап калат экен. Грек сөзүн интернеттен издеп таап, эмнеге мисал кылып жатам? Анткени, президент Алмазбек Атамбаевдин бийлик оппоненттерине карата буга чейин айтып келген жана соңку учурда айтып жаткан мурдагы-кийинки сөздөрүнүн жалпы контексти эмнегедир параноя жыттанып тургансыйт… Анда сөз ирээти менен болсун.

“Биз эл менен!..”
Жакында эле мамлекеттик резиденцияда ажонун табитине туура келген журналисттер чакырылган маалымат жыйыны өткөрүлдү. Президент мырза адатынча атаандаштарын теңсинбей, “колуңардан эмне келмек эле..” деген маанайда Кубанычбек Апасты, Нурлан Мотуевди ала чуркап, булчуңун көрсөтүп, оппозицияны кекээрлеп, эч кимден коркпогондой түр көрсөттү. Анткен менен эрте жазда бийликти чоң сыноолор күтүп тураарын Атамбаевдин саясий инстинкти туюп, сезип жатат болуш керек… Буркүттү сүрдүү кылган тырмагы деген сыңары, Атамбаевди Атамбаев кылып турган сүрү – азырынча анын бийлиги, бийлик колдон жылмышаары менен алыста айланчыктап жүргөндөрдү тим коелу, жанында “жанымды берем!” деп жүргөндөр башкача кепшей баштаары турган иш. Ооздорунан көбүгү чачырап “..кыргыздын бактысына жаралган күн, ай” деп бүгүнкү президентти болушунча алкап, барабан кагып аткан кошоматчы-ляппайчы вазирлер илгери Акаевди да, Бакиевди да ошентишчү. “Кана айткылачы, Акаевден бөлөк татыктуу ким бар?!”-дегендер Бакиевдин убагында “Бакиевден бөлөк реалдуу ким бар?” деп ажонун астына килем болуп төшөлүп, анын ооматы колдон тайган соң, баягы мансапкорлор беткабын алмаштыра коюп бу кезде “Атамбаев кетсе,..татыктуу кимибиз бар ыя?”-деген кошомат суроону калктын мээсине сиңире албай убара. Бирок реалдуулук башканы айтып турат, анти-атамбаевчил пикирлер күндөн күнгө күч алууда. Ушу тапта бийликке лоялдуу болумуш этип жүргөн күчтөр да кийинчерээк элге кошулуп, бийликти сындап, кыйкырып тураарында күмөн жок. Аны-муну алып-кошуп айлантпай айтканда, Атамбаев беш жарым жыл ичинде Акаев менен Бакиевден башкача, өзгөчө экендигин далилдемек тургай элдин жүрөгүнө “көрсө башкача башкарса да болот тура..” деген үмүттү да жараткан жок. Бийликке олтурган соң бийликке биротоло ашык болуп “сүйүп” калган мурунку ажолор сыяктуу, “парламентаризм” деген калп күрмөнү жамынган Атамбаев деле бийлигин узарткысы келип, бийликтен такыр кеткиси келбеген махабатын ачык эле билдирип койду. Өзү ажолуктан кетсе да мамлекетти жүгөндөп турчу “Айдар менен Бермети”, “Максим менен Жанышы” болбогону менен Алмазбек Шаршенович үйүндө олтуруп алып эле КСДПсы, Икрамы, Абдили, Фариди менен бийликти менчиктеп, бийликте кала берүүнү көксөп жаткан “ажыдаарлык” табитин ачыктап салды. Өз сыйы менен кетип калуу салты ошентип бул жолу да түптөлбөй калгансыйт… Эл саясат менен иши жоктой, “бириң өлүп, бириң кал..” деген кайдыгерликке малынгандай таасир калтырышы мүмкүн, бирок президенттик шайлоо деген кыл чайнаш буга чейинки баардык пландар менен тактикалардын, кайдыгерликтер менен уйкусуроолордун быт-чытын чыгарып, бир эле күндүн ичинде Акаевди оодарып салган сыяктуу, бир эле сааттын ичинде Бакиевди кубалап ийген сыяктуу элдик сценарий ишке ашып кетүүсү толук мүмкүн. Көчөдө жаалданып келаткан элди көрүп дүкөнүнүн сыртына “Биз эл менен!” деп жазып ала койгон соодагерлер сыяктуу, азыр “Атамбаев мененбиз!” деп калп эле атын теминимиш болуп жүргөндөр да андай учурда галстук, кастим-шымын чече салып, эски куртканы кийип кылкылдаган элдин арасында “Биз эл менен!” деген плакатты көтөрүп, муштум түйө кыйкырып калышса такыр таң калбоо керек…

Мейли тышкы саясатты, мейли ички саясатты карап көрүңүз,.. экөөндө тең Атамбаевден абалы жакшы эмес:

Тышкы саясаттагы осолдуктар.

Өз элине оңой жагуунун амалын кылып “эч кимге тизелебейм!” деп канчалык мактанбасын, президент тышкы саясатта өзүнүн чабалдыгын, стратег эмес экендигин көрсөттү.

** Орусия менен болгон мамиледе Атамбаев олутту дипломатияга караганда “…Тургенев Тургунбайдын баласы, Есенин Эсенбайдын баласы, Алеша Шаршендин баласы -сын Среды…” деген сыяктуу юморлуу лирикалык дипломатиясы менен эсте калды. Ошентсе да, жакшы эле башталып бирок ишке ашпай калган жагдайларды эстеп көрөлү. Путинге ынак болуп Бажы союзуна кире койду эле, Орусиядагы мигрант кыргыздарды милиция анча коркутпай калды дегени эле болбосо, Бажы союзунун жарыгы Кыргызстандын экономикасына жарытып тие элек. Орустар куруп беребиз деген Камбар Ата-2 ГЭСи да курулбай ара жолдо калып, Атамбаев орустун чиновниктери бут тосконун бир айтып, Путин сөзүнө турбады деген мааниде тултуңдап, анан кийинчерээк башкасы түшүнбөсө Путин мени туура түшүндү деп сөзүн оңдоп Маскөөгө жагынууга аракет кылганы менен, Путин-аке негедир Кыргызстанга баштагыдай бажырайбай калды.

** Түркиянын президенти Эрдоганга башында колдоо көрсөтүп, президенттик шайлоосуна чейин барып үгүт кыла “аби” деп эркелеп, “акча бер” бер деп желкелеп жылуу мамиле түзүп аткансыган. Кийинчерээк Атамбаев Орусия-Түркия мамилесиндеги атып түшүрүлгөн учак боюнча Орусияны жактап сөз айтып, андан ары Орусиянын Крымдагы саясатын туура деп, Эрдогандын касы Гюлендин Кыргызстандагы билим берүү кадамдарын колдоп, кыскасы, “аби” менен болгон мамиле да муздады.

** Кытайдын Кыргызстанды аралап өткөн темир жолу курулса өлкө акчага маарып, экономикасы дүркүрөп-күркүрөп өсүп кетээри тууралуу оптимизмди Атамбаев президент болгон алгачкы жылдары көбүрөөк айтып жүрдү, эми мына президенттик мөөнөтүнүн да сапары карып барат,..ара-чолодо облустарыбызды кыдырып өлкөнүн кай жеринде эшектер көп экенин иликтеп-байкаган кытай инвесторлорун эске албаганда,.. Кытайдын баягы темир жол проектинен дайын жок.

** АКШ менен Кыргызстандын ортосунда ишке ашып , укмуш болуп кеткен деле экономикалык долбоор байкалбайт. Демократия , парламентаризм жагынан АКШ көз салымыш этип, океандын ары жагынан анча-мынча аткаминерлер чабыттап кыргыз бийликтери менен жолугушууларды өткөрүп, а биздикилер “парламентаризмди катырып куруп атабыз!” деп канчалык мактанбасын, быяктагы окуяларды өз көзү менен көрүп бийликке да, оппозицияга да көз каранды эмес, батыш демократиясынын классикалык өзөгүн жакшы түшүнгөн Исмаиловалар, Байсаловдор, Абдурасуловалар,Ошурахуновалардын көзү менен, андан тышкары эркин ММКлар жазган нагыз чындыкты билип Америка-акең Кыргызстандагы Орусияга сөйкөнгөн өлүмүш-парламентаризмге купулу толбой кырдаалды анализдеп жаткан болуш керек.

Ички саясаттагы осолдуктар:

Ички саясатта баарына калыс, баарына тең, баардык күчтөрдүн ортосунда адилет болуу мүмкүнчүлүгүн президент пайдалана алган жок. Эски таарыныч, качанкы кек, өч алуу алдыңкы орунга чыгып, Атамбаев президенттик тактыга конгону КСДПнын, шоопурунун, жан сакчсысынын, “Форумда” иштеген бир кездеги досторунун гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн, анын ичинде оппозициянын да “атасы” болууга милдеттүү экенин капарына албады. Анда мейли, президент бийликтин номур биринчи өкүлү катары оппоненттер менен күрөшүүдө өзүнө тактикалык упай топтоого жанталашып жатканын нормалдуу көрүнүш деп эсептей турган болсок, баары бир тактика жагынан да өзүнө минус болчу ички саясаттагы катачылыктарга жол ачты:

** Эгемендүүлүк күнү калайык калкка дем берген, алга сүрөгөн куттуктоо айтып, элге кол булгалап бүтүп тыпыйып кетип калуунун ордуна Атамбаевдин президент болушуна пайдубал болуп берген Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн четинен шылый сүйлөп, айрыкча Р.Отунбаеваны көпчүлүктүн көзүнчө бозала кылды. Маалында “убактылуулардын” юридикалык калканы болуп калкалап келген Текебаевди мыскылдай “теке” деп тергеп “текени ээрчигидей эл кой эмес” деп жулунду. Бир кездеги досторду заматта каска айлантып, кезинде “булар акаевчи, бакиевчи” деп тоготпой келген “Бир болчулар” менен коалициялык “ дос” болууга аргасыз болгон КСДП деген партиянын башында Атамбаев турбаганда ким турат дейсиз? Каска айланган экс-достордун, “доско” айланган эски кастардын кимиси эми келечекте Атамбаев үчүн төшүн дзотко тосуп берет, бу да чоң маселеге айланды…

** “Дастан” заводуна байланышкан ажонун аты аралашкан чуулуу жагдайлар, бир кездеги Максим Бакиевге тиешелүү делинген жер участогу Бишкек мэри Албек Ибраимовдун колу менен Атамбаевге сатылышы, мунусу болсо ал участокко кыялындагы заңгыраган хан сарай курганы, анан ажонун атына көлөкө түшүргөн ушундай чуулар болуп атса өзүн салмактуу кармоонун ордуна ого бетер ызырынып “керек болсо аркы өйүзгө да үй салам!” деп оолугушу ансыз да кунары качып бараткан президенттик сөөлөтүнүн кутун ого бетер учурду.

** Айтылган сынга терикпей, зиркилдебей, ачууланбай,.. жумшак үн менен: “Сындоо журналисттердин иши. Мен баардык сындоочуларды түшүнөм. Бирок, мындан да сапаттуу, мындан да маңыздуу сындагылачы, урматтуу менин журналист досторум!,- деп Канаданын премьери Жастин Трюдонун стилине салып, акырын гана жылмайып, жазмакерлерге ийгилик каалап коюунун ордуна Атамбаев өзү баш болуп, Баш прокуратураны айдактатып журналист Дайырбек Орунбековду 2 миллион сомго; Атамбаевдин экс-шоопуру Икрам Илмиянов публицист Уран Ботобековду — миллион сомго, кечээ жакында Атамбаевдин экс-жан сакчысы Эркин Мамбеталиев өзүнүн кадырын ажо менен анын шоопурункунан да ашырып 5 миллион сомго баалап, активист Адил Турдкуловду сотко берген кербези. Бу заманда соттор кимдин сөзүн сүйлөөрү баарыбызга түшүнүктүү экенин, акаев-бакиев заманында да сот аркылуу журналисттердин канатын кайрыган мисалдар болгонун эске алсак, Атамбаев-Илмиянов-Мамбеталиев триосунун журналисттерге мээлжеген огу айланып-кайып келип өздөрүнө тиери турган иш.

** Бүгүнкү Атамбаев башында турган бийлик Акаевдин “Алга Кыргызстанын”, Бакиевдин “Ак Жолун” айтып канчалык мурдун чүйрүбөсүн, парламентаризмдин классикалык системасы орнобой эле, Атамбаев КСДП жана анын клон-партиялары аркылуу азыркы кыргыз парламентин илгерки акаевдик, бакиевдик стиль менен каалагандай өкчөп, каалагандай башкарып жатканы факт. Бир сөз менен, парламент президенттин көзүнүн агы менен тең айланган “одобрямстар” жана ажого каршы аргумент айткан эркин мүнөз депутаттарды түшүнүп-түшүнбөй эле былчылдаткан “ляппай-торпедолор” чогулган мажирөө органга айланды.

Ким мураскер болот?

Акаев менен Бакиев кыла албаган экономикалык кереметти 6 жыл ичинде Атамбаевден эч ким деле күткөн эмес болчу, тек бул жолку президент бийлик бутактарынын ортосундагы калыс, адилет рольду аткарып мамлекеттик иште профессионализмди гана жогору баалап “акайыпчы, бакыйыпчы” деп бөлүнгөн беймаани эрегишүүгө чекит коюп, саясий жаңы этапка жол ачабы деген илгери үмүт башында бир аз бар болчу. Саясатта демократиялык жаңы салтты түптөп, чыныгы реформа үчүн бардык тараптардын потенциалын бириктирүүнүн ордуна тилекке каршы Атамбаев өзүнүн президенттик мөөнөтүн ким периште, ким желмогуз экенин чукулап, мактанган, актанган, тактанган примитив менен өткөрдү. Бирок, ар бир негативде сөзсүз позитив бар, Атамбаев өзүнөн кийинки келчү бийликке эмнени туш келди жасабоо, эмнени ойлонбой сүйлөбөө керектиги боюнча жол көрсөткөн эн ооз каармандын ролун аткарып бере алды. Алты жыл ичинде эмне үчүн экономикабыз көтөрүлүп, укмуш жашап кетпедик?-деп эл баары бир Атамбаевден сурабайт, экономика деген баш оору улам бир жаңы келген бийликтин башын оорута берчү түбөлүк тема. Эми ошентсе да айтып койчу нерсе, кайсы бийлик өлкөдө мыйзамдын баарынан жогору койгон системаны кура алса, мамлекеттик иште (шоопурлар,жансакчылар, кластташтар, курсташтар, туугандар, таяке-жээндер, айылдаштар, көңүлдөштөр… деген критерийди эмес) профессионализмди (!) туу тутса, өлкө келечегинен үмүт артууга болот. Жок антпей, “чуку-чуку-чуку…” деген үн чыгарып чукулашып эле жүрө берсек, президенттин жаргону менен айтканда, “павлиндин көчүгү” болгонубуз болгон.
Кетээр убакты, айы, күнү, саатынан бери кайталап элге жар салып келе жаткан Атамбаевдин күтүүсүз жасалган билдирүүлөрүнө, ар кыл авантюраларына тээ башында эл оозун ачып, таң калып келген болсо, азыр коом ажонун “ар кылдуулугуна” көнүп деле калгандай. Президенттин маалымат кызматынын кабарлашынча, а киши расмий азыр эс алууга, отпускеге чыкты. Айрым узун кулактардын сөзүнө ишенсек, кызматынан кетээрине аз гана мөөнөт калган Атамбаевдин ден соолугу сонку учурда айлана тегерегиндеги вазирлер чөйрөсүнөн да, ажонун өзүн көбүрөөк кыжаалат кылууда. Бир болсо,.. Алмаз Атамбаев ден соолугун шылтоо кылып “Я ухожу…” деген обонго салып, Ельциндин кетүү ыкмасынын өйдө-ылдыйын караштырып жаткан болушу мүмкүн. Бирок беш жылдан ашуун убакыт ичинде татыктуу мураскер таптай албаганы анын эч кимге билдирбеген ички арманы. Ким болот мураскер? Ажонун чачпагын көтөрүп жүргөн жакындардын кимиси бычакка сап боло алат? Президенттин көлөкөсүндө көрүнбөй тымызын ич ара бир бири менен тирешип келе жаткан Икрам Илмиянов менен Абдил Сегизбаевби? Экөөнүн тиштешмейин астыртан байкап Атамбаевге эң жакын болуу аракетин улантып, жерден бийик, чөптөн жапыз болуп коендон сак жашап келаткан Фаридпи? Саясий күчтөрдүн , бөрүлөрдүн арасында салмагы такыр жок, саясий тажрыйбасы нөл, Атамбаевдин лексикону менен айтканда, “балашка” Сапар Исаковбу? Мурда –кийин саясатта баардык тараптарды муюткан саясый эрдиктери белгисиз, “жарк” эткен харизмасы жок бир тууган Жээнбековдорбу? Непадам КСДПдан оомат таяры менен атынын башын ары карай буруп кете берүүгө а убак даяр Иса Өмүркулов же Чыныбай Турсунбековбу?
Ушуга окшогон ойлордун баарын электен өткөрүп көрүп, Атамбаев оюна келе калган ар кайсы “баатырды” “ажо болчу сүрү бар экен” деп калп эле мактамыш этип далыдан таптаганы менен, тымызын Бабанов менен соодалашып, жең ичинен ага иштейт го… деген күмөн ой бар. А бирок, президенттик кызматты бир биринен кызганып ыраа көрбөй ыркырашкан элита жапырт Бабановго каршы иштеп баштаса кандай тамаша болот? Анда эле Бабанов мураскер болмок турсун, президенттик шайлоодо саясий жана финансылык жактан толук банкротко учурап, туш тараптан тиштеген душмандардын курчоосунда калат.

Филармониядагы “оксолин-концерт”.

Медицинанын көзү менен караганда, ар кыл адамдар болот, кай бирөө жазда гүлдөгөн сиреньден өзүнө аллергия жабыштырып алуудан чочуласа, кай бири көктөмдө чөп арасында пайда болчу кене-курттардан жаа бою үркөт экен. Такталган маалымат эмес, бирок кээ бир ажону жакындан билгендердин айтымында, Атамбаев жаз жакындаган сайын чүчкүрүп-бышкырып грипп болуп калуудан өтө саксынып, ооруп калбоонун алдын алып, шашкалактаган параноялык адаты бар дешет. Кечээ жакында көп кишиге билинтпей филармонияда өткөрүлгөн референдумду түшүндүрүү боюнча жолугушуда да, эч ким грипп болбосун деген ниеттеби,..же бирди жарым кишиде грипп болсо жугуп калбасын деген сактык мененби,..залга кирген адамдарга Атамбаевдин акылы менен оксолин мазын таратышыптыр. Элдин да, өзүнүн да ден соолугун ойлоп кам көрүп чочулаган президентти чынында өмүрүмдө биринчи учураткандыктан, бали дедим. Анан туруп эле ойлоп койдум,.. президент грипптен эле чочулап жатты бекен,.. же башка биз түшүнбөгөн мокочо-кокочолор аралашкан поронойидалдык мандемдер барбы ?…

Журналист Эрнис Кыязов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: