Тажикстан азырынча коронавируска каршы Орусиянын вакцинасын сатып алуу боюнча так чечим кабыл ала элек. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, ушу тапта Душанбе вакцинанын клиникалык сыноонун бардык баскычтарынан өтүшүн күтүүдө.
Буга чейин Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Тажикстан менен Орусиянын ортосунда вакцина сатып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. Ал азырынча Орусия канча вакцина берүүгө даяр экени жана анын баасы белгисиз экенин кошумчалаган.
Орусия COVID-19га каршы вакцинаны расмий каттоого алган дүйнөдөгү алгачкы өлкө болду. Бирок айрым илимпоздор орусиялык вакцинанын клиникалык сыноосуна байланыштуу күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып чыгышкан. Белгилүү «Lancet» медициналык журналына жарыяланган ачык катта алар түрдүү эксперименттердин жыйынтыктары бирдей болуп чыкканын белгилешкен. Бул вакцинаны даярдаган Гамалея борбору мындай күмөн саноо орунсуз экенин билдирген.
Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстанда коронавирус жуктургандар 9 769 кишиге жетип, 76 бейтап каза болду. Бирок социалдык түйүн колдонуучулары бийлик чыныгы абалды жашырып жатат деп эсептешүүдө. Алардын айтымында, өлкөдө вирус жуктургандар жана көз жумгандар кыйла көп.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ