Menu

Бишкектеги ооруканалардан орун таппай, оор абалда Жумгалга барган жаран пневмониядан көз жумган

Бөлүшүү:

Нарын облусунун Жумгал районунда 59 жаштагы эркек киши пневмониядан көз жумган. Бул тууралуу маалыматты райондук штабдан тастыкташкан.

Маалыматтарга караганда, ал киши Бишкектеги ооруканалардан орун таппай, 3-июлда эжеси жашаган Чаек айылына келген. Ал райондук ооруканага жеткирилген.

Аймактык оорукананын директорунун орун басары Салтанат Султанованын айтымында, бейтап Бишкекте 12 күн үйдө дарыланып келген, абалы начарлагандан кийин ооруканага кайрылган.

“Ал бизге оор абалда жеткирилген. Өпкөсүнүн көпчүлүк бөлүгү жабыркаптыр. Ооруканада 9-июлга чейин болуп, ошол күнү көз жумду” – деп билдирди Салтанат Султанова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: