Menu

ТИМ: Бишкекке Санкт-Петербургдан 554 кыргызстандык алынып келинди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-июнда “Аэрофлот – Россия аба жолдору” авиакомпаниясынын рейси Бишкекке – Санкт-Петербург – Бишкек каттамы менен 554 кыргызстандык анын ичинде 2 жашка чейинки 41 бала алынып келинди Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айымы боюнча, учакта орундуктардын чектелгендигине жана Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын көптүгүнө байланыштуу, бул рейстеги жүргүнчүлөрдүн тизмеси атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.

Жүргүнчүлөрдү тандоо Кыргызстан жарандарынын жеке кайрылууларынын негизинде, критерийлерге ылайык жүргүзүлдү. Атап айтканда, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, Санкт-Петербург жана Ленинград облусунун университеттеринде окуган студенттер тандалды. Ошондой эле, оор ооруга чалдыккан жана буга чейин Россияга хирургиялык операциялар жана башка шашылыш медициналык процедуралар үчүн баргандар, жакын тууганы каза болгондор алынып келинди.

Бардык келген жарандар тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: