Кечээ, 13 -сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамды аткаруу тууралуу» токтомдун долбоору каралды. Анда КСДП партиясынан депутат Ирина Карамушкина Кыргызстанда орус тилине да мамлекеттик
деген макам берүүнү сунуштаган.
– Жадагалса бештен мамлекеттик тилдүү өлкөлөр бар. Алар эч кандай дооматы жок эле тегиз, тынч өнүгүүдө. Кыргыз жана орус тилдерин мамлекеттик кылып мыйзамдаштырып койсок эмнеси жаман? – деп жыландын башын кылтыйткан. Карамушкинанын бул сунушу көпчүлүктүн кыжырын кайнатып, социалдык тармактарда түрдүү талкуу жаратты.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ