Бүгүн, 13-июлда саат 11:00гө белгиленген парламенттик шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырууну талап кылган митинг өтпөй калды.
Митинг башталарга аз убакыт калганда милиция кызматкерлери уюштуруу комитетинин эки мүчөсүн кармап кетишкен. Ошондой эле митингдин 6 катышуучусун да укук коргоо органдары кармап кетишкен.
Активисттер төмөндөгүдөй талап менен митинг өткөрүүнү пландаштырышкан:
– бүткүл өлкө боюнча өзгөчө абал режимин киргизүү;
– ЖКнын 2020-жылдын 4-октябрында өтүүчү шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдыруу;
– шайлоо үчүн каралган бардык ресурстарды республиканын калкына медициналык жардам берүүгө багыттоо;
– Беш жылдык ыйгарым укуктун мөөнөтү аяктаганда, 2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңеш өз ишин токтотушу керек, анткени мыйзам чыгаруу органынын конституциялык мөөнөтү аяктаганда жасаган бардык чечимдери жана аракеттери мыйзамсыз деп табылат;
– ЖК жаңы чакырылышы түзүлгөнгө чейин, Жогорку Кеңеш тарабынан каралган бардык каражаттар калкка жардам берүүгө багытталышы керек;
-президент фракциялардын лидерлери, саясий партиялардын өкүлдөрү, коомдук кыймылдар жана бейөкмөт уюмдар менен кризиске каршы өкмөтүн түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү башташы керек;
-өкмөт өзүнүн жөндөмсүздүгүн моюнга алып, өз ыктыяры менен отставкага кетиши керек;
-укук коргоо органдары тарабынан COVID-19 менен байланышкан кырдаалга байланыштуу чиновниктерге каршы соттук териштирүүнү башталышы керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ