Menu

Чечилбей жаткан чек ара, талкууга түшкөн майрам

Бөлүшүү:

Кыргыз-Казак чек арасындагы көйгөй тууралуу Жогорку Кеңеш ушул күнгө чейин өз позициясын ачык айта элек. Маселе көтөргөн депутаттар дагы саналуу гана болууда. Чек арадагы маселе чечилбей жаткан кезде, президенттин 7–8-ноябрды ата-бабаларды эскерүү күнү катары майрам деп белгилеген Указы да орустарды чычалатып, дагы бир маселени жаратчудай болду. Эл өкүлдөрүнө ушул эки маселе боюнча суроо узаттык.

  1. Кыргыз-Казак чек арасындагы көйгөй жакынкы аралыкта чечилеби? Кайсыл жол менен чечкенге жетишсе болот?
  2. 7–8-ноябрды майрам катары калтырууга көз карашыңыз?

 

Улукбек Ормонов, Жогорку Кеңештин депутаты

  1. Бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу маселелердин бири Казакстан менен болгон чек арадагы маселе. Бул жерде бир жактуу коңшу мамлекетти күнөөлөөдөн мурун, биз өзүбүзгө да карашыбыз керек. Бир жыл мурун парламенттен өкмөткө атайын суроо берилген эле. Мына ушул жылдын август айында ЕАЭСтин жобосуна ылайык он эки техникалык норма күчүнө кирет, ошого биз даярбызбы деген суроого, Өкмөт колдон келишинче аракеттенип даяр болобуз деп жооп берген. Тилекке каршы биз ушул чоң уюмга мүчө болуп кирип алып, көп маселелерди чече алган жокпуз. Бул бүгүнкү күндө болуп жаткан кырдаалдын мыйзамдуу жагы. Ал эми экинчи жагы, ачык эле Кыргызстанга болгон кысымдын күчөгөндүгү белгилүү болду. Биздин сүт азыктарыбызды чек арадан өткөндөн кийин жок кылуу көрсөтмө түрүндө болду окшойт. Кыргыз-казак элдеринин кылымдап келген достук мамилеси, кыргыз-казак биртууган деп акындарыбыз ырдап келген маселе 10-октябрдан бери карай катуу күчөп баратат. Муну ар кандай жол менен чечиш керек. Парламент аралык сүйлөшүүлөргө баруу керек. Муну Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова айтып өттү. Жогорку Кеңеште достук группасы бар. Эмнегедир майрамдык салтанаттарга, башка бир командировкага мына мен барат элем деген достук группасындагы азамат депутаттарыбыздын бүгүнкү күндө унчукпай олтурушу мени таң калтырууда. Иш сапарды уюштуруш керек. Экинчиси, мен ар кандай маселелерде дагы өз оюмду айттым. Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин төрагасы дагы тез аранын ичинде биринчи иш сапарын Казакстанга жасап, ошонун үстүнөн иштешибиз керек. Казак премьер-министринин шурудай тизмектеп айткан сөздөрүнүн баары эле чындык деп айтуудан алысмын. Себеби, ЕАЭСке кирип атканда бизге жеңилдиктер берилген. Кытайлар миллиард деп көрсөттү, бул жакка миллиард эмне үчүн келбейт деп эле бизди күнөөлөй берген туура эмес. Ушундай эле шарт Казакстандын өзүндө деле бар. Ал жакта “Хоргос” деген чоң базары ачылган. Кытай менен Казакстандын соодасы бизге караганда бир канча ирет көп. Кемчиликтер бизде жок эмес, таптазабыз дегенден алысмын. Бири-бирибизди жамандап олтура берүү менен маселе чечилбейт. Маселени сүйлөшүү жолу менен гана чечишибиз керек. Жаңы шайланган президентибиз өзүнүн ишин ушул маселеден баштоого тийиш. Биз казак-кыргыз алакасын оңдобосок, Кыргызстанда экономикалык жактан түшүнүксүз кырдаал болуп калышы мүмкүн.
  2. Россиянын өзүндө 7-ноябрь “День согласия и примирения” деп майрамдалат. Аларда деле Улуу Октябрь Революциясынын жеңген күнү эмес. Биз тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп койсок неге болбосун? Буга чычалаштын деле кажети жок. 1916-жылдагы көтөрүлүш же болбосо элдин нааразычылыгы дейбизби, анын мааниси тереңде. Россиянын президенти Путин өзү Кыргызстанга келгенде, 1916-жылы курман болгон кыргыздарга гүлчамбар коюп кетпеди беле. Каршылашабыз десек ар бир сөздөн шылтоо тапсак болот. Ар бир мамлекеттин майрамды кандай атап, кандай майрамдоосу өзүнүн иши. Бирок, биз терең кетпешибиз керек. Эгерде майрамдын аталышында Россияга каршы көтөрүлүш күнүн эскерүү деп каралса, анда башка кеп болмок. Бизде деле 1917-жылкы Октябрь революциясын жан дили менен колдогондор бар. Биринчи ошол бийликти кабыл алып, кайра ал бийликке туура эмес деп каршы чыгып, канчалаган кыргыздын мыкты инсандарын басмачы деп атап, көпчүлүгүн жок кылганы жөнүндө тарыхтын фактылары бар. Ошондуктан тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деген аталышка жеке оюмда каршы эмесмин. Биз 1930-жылдагыдай кулакка тартуудан же болбосо басмачы деп атылып кеткен ата-бабаларыбызды эмне үчүн эскербешибиз керек? Октябрь революциясы Россиянын өзүнө караганда өзүнүн көптөгөн жакшы жактарын Кыргызстанга көрсөттү. Кыргыз элинин өнүгүшүнө шарт түзүп берди. Кытайга жана башка мамлекеттерге сүрүлүп кеткен мекендештерибиз өз элине кайтып келген.

 

Кожобек Рыспаев, Жогорку Кеңештин депутаты

  1. Кыргыздардын арманы жолубуз Казакстан тарап менен болуп калганы. Эгерде жолубуз казактын чек арасын айланып өтүп, Россияга кирип кете турган болгондо, анда аларга көз каранды болбой эле жашайт элек. Казак тарап чек араны тоскон жокпуз, болгону текшерүүнү күчөтүп атабыз деп атышат. Кытайдан келген товарлар контрабанда жолу менен өтүп атыптыр деп премьер-министри жообун айтып жатпайбы. Ошондой шылтоолор менен алар маселени чечпей кармап атышат. Биздин Өкмөт маселени ыкчам чечүү үчүн эптеп-септеп аракет кылып атат. Чек ара маселесин өкмөт башчы жана өкмөттүн эң жогорку бутагында олтурган адамдар сүйлөшүү жолу менен чечүүсү керек. Эгерде бизге ушундай кыянат кылып жаткандан кийин, биз да мүмкүнчүлүктү пайдаланып жооп беришибиз шарт. Биздин депутаттар бизде суу бар деп айтып жатат. Бизде суу бар, бирок ошол сууну тейлөөдө болгону бир-эки киши иштеп олтурат. Суу департаменти буга көңүл буруп, керек болсо автоматчан чек арачылар кайтарып, бир тамчы сууну ашыкча бербеш керек. Ошондой жол менен бул кырдаалдан чыгуу туурабы деген сөз келет. Эрегиштен эр өлөт дегендей ошондой жол менен абалды курчутуп албайбызбы деген да ой жаралат. Бул жерде карапайым элдин шору болуп жатат да.
  2. Биз союз маалында тарбияланган жарандарбыз. 7-ноябрды майрам боюнча калтырыш керек. Бул кулк-мүнөзүбүзгө сиңип калган майрам. Бирөө чыга калып эле мыйзам жазып, муну жок кылабыз, башка майрам киргизүү керек деп атып башаламан мыйзамдарга барганыбыз туура эмес. Биз эскерүү, кайгылуу күндөрдөн алыс болсок. Ата-бабаларды күнүгө кураныңды окуп эскере бер, андан башка эч нерсе жасап бере албайсың аларга. Бирок тирүү адамдар майрам катары өткөргөн жакшы да. Өлгөн соң курандан башка эч нерсе жок.

 

Зиядин Жамалдинов, Жогорку Кеңештин депутаты

  1. Казак-Кыргыз чек арасы бүгүнкү күндө абдан көйгөйгө айланып калды. Чындыгында биздин дыйкандарга, жеке ишкерлерге аябагандай оор болуп жатат. Өкмөт тараптан сүйлөшүүлөр болуп жатканы менен жыйынтык чыкпай жатканын көрүп жатабыз. Бул маселе жаңы президент инаугурациясы болгон соң, ишке киришкенден кийин сүйлөшүү жолдору менен чечилет деген ойдомун.
  2. Майрамдар деле өз чеги менен болгону жакшы..

 

Мирлан Бакиров, Жогорку Кеңештин депутаты

  1. Казак-кыргыз мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн кырдаал өзгөчө мамилени жаратып жатат. Казак премьер-министри статистиканы белгилеп айтып кетти, бажы кызматында Кытай менен Кыргызстандын ортосунда айырмачылыктар чоң экен деп. Кыргыз тараптан конкреттүү бир факты менен айтылган жоопту көргөнүм жок. Бүдөмүк эле жооптор. Методиканы элдерге так түшүндүрүп берсе бүдөмүк ойду жаратпай так жооп алмак. Биз ЕАЭС уюмуна чындыгында даярдыгыбыз жок киргенибиз анык. Ал ар бир кадам сайын көрүнүп жатат. Техникалык регламенттер киргенде фитосанитардык, ветеринардык лабораториялардын даяр эместиги айтылган. Былтыр жыл бою лаборатория деп жүрүп өттүк. Биздин маалыматыбыз боюнча эки-үч лаборатория заманбап болуп курулуп жаткан. Ал дагы мындай конкреттүү таасирин бере албай жатат. Албетте биздин ишкерлерге, биздин дыйкандарга өкмөт чукул аранын ичинде чечим кабыл алып жеңилдиктерди берүү боюнча, насыяларды берүү боюнча мүмкүн салыктан бошотуу боюнча чараларды көрүү керек. Алар биздин ишкерлер, биздин жарандар. Эки айдын ичинде чечилиши мүмкүн деген маалымат окудум. Жыйырма күндүн ичинде 15кмге жеткен жол тыгын пайда болду, беш жүздөн ашык фура ал жерде турат. Эгерде эки айга созулчу болсо анда кандай акыбал болот? Дипломатиялык жол менен гана маселени чечүү зарыл деп ойлойм.
  2. Бүгүнкү мыйзам долбоору боюнча 8-ноябрды майрам кылуу, тарыхый күн катары кабыл алууда эч кандай каршылык жок. Кабыл алуу принцибинде техникалык жагында мүчүлүштүктөр бар экен. Учурунда Дастан Бекешов мыйзам долбоорун алып кирген экен. Ал жерде 23-февраль Ата Журтту коргоо күнүн, 5-майды Конституция күнүн жана 7-ноябрь Улуу Октябрь революция күнүн майрам эмес деп сунушталган. Мен үч майрамды тең жокко чыгарууга каршымын. Ата Журтту коргоо күнү болбосо анда кандай мамлекет болобуз. Анда биздин армияга, өсүп келе жаткан жаш муундарга идеологиялык жактан кандай тарбия беребиз. Конституциясы бар мамлекетпиз, ошол Баш мыйзамга ылайык иштеп жатабыз. Баш мыйзамды кабыл алуу күнү – тарыхый күн. Биз эгемендүү мамлекет катары биринчи Конституцияны 5-майда 1993-жылы кабыл алганбыз. Ал тарыхый күн катары сөзсүз калыш керек. Кантип бул күндү жокко чыгара алабыз, менин такыр акылым жетпей турат. Ал эми 8-ноябрь боюнча каршылык жок. Бир топ убакыт жыл өттү. Тарыхый инсандарды эскерүү жылы деп биздин мамлекетибиздин макталып калышына, түптөлүп калышына өз салымын кошкон инсандардын аты аталып атат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: