Саодат Саломова Камоли Худжанди атындагы облустук драмалык театрда башкы балетмейстер болуп иштеген.
Хожент шаардык соту Согди облусунун Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун эки кызматкерин адам өлүмүнө алып келген шалаакылык үчүн эки жылга эркинен ажыратты.
Бейшембиде Хожент шаарында Облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун дарыгери Хотам Отамбоев менен лаборант Мехри Юсуповага каршы козголгон кылмыш иши боюнча сот жараяны аяктады. Алар белгилүү актриса, облустук драмалык театрдын башкы балетмейстери Саодат Саломованын өлүмүнө алып келген шалаакылык үчүн айыпталышкан. Медиктер жаза мөөнөттөрүн жатак абагында өтөшөт.
Тажикстандын эмгек сиңирген артисти Саодат Саломова өткөн жылы 1-апрелде Кургак учукка каршы күрөшүү борборунда мээсине кан куюлуп каза тапкан. Ал 50 жашта болчу.
Дарыгерлер кеңешмеси Саодат Саломованын туура эмес коюлган диагноздон улам каза болгонун аныктаган. Маалыматка караганда, диагноз коюлган суюктук башка бейтапка таандык болгон.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ