Menu

Чыныбайдын чырагына май тамды

Бөлүшүү:

Өлкөдө канча бийлик алмашып, канча адамдар кадырын жоготуп, кайраттан тайды. Бирок, бардык бийликтин тилин таап, жылмышып отуруп койнуна кирип, жан бага билген Чыныбай Турсунбеков деген бизнесмен-депутатыбыз бар. Акаев, Бакиев, анан азыркы Атамбаев бийлигинин тушунда тепкичтен-тепкичке көтөрүлүп, баарына “чын ниеттен” мамиле кылган ошол Чыныбай мырза бүгүн бакыйган парламентти башкарганы турат. ЖКдагы коалиция эле эмес оппозиция өңдөнгөн фракциялар дагы анын талапкерлигин кош колдоп алдыга сүрөп турган чагы. Ал эми бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети төрагалыкка Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин карап, эч кандай талкуусу жок эле бир добуштан жактырды. Демек, бул Чыныбай мырза спикер болду деген эле кеп. Көп болсо бир-эки күндүн ичинде анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылып, анан эле 120 депутаттын макулдугу менен такка отуруп калышына жүз пайыз ишене берсек болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: