Жалал-Абад шаардык кеңешинин “Биримдик” көпчүлүк коалициясынан “Республика -Ата-Журт” фракциясы чыгып кетти.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2017-жылдын 16-январдагы 1-сессиясында “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика – Ата-Журт”, жана “Ата-Журт” партияларынан шайланган шаардык кеңештин депутаттары “Биримдик” коалициясын түзүшүп, төраганын орун басарын шайлашкан болчу. Дал ошол коалициядан “Республика – Ата-Журт” партиясынан шайланган депутаттар өз каалосу менен чыгып кетишти. Бул тууралу аталаган партиянын фракция лидери Тагай Чиллаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымына караганда, учурда шаардык кеңеш бир чечимге келе албай, шаардын иши токтоп, шаар бюджети бекитилбей, ишти аркага тартып олтурат.
-Мына ошого байланыштуу биз “Биримдик” коалициясынан чыгууну чечтик, максатыбыз – мэрликти же төрагалыкты алуу эмес, элдин көйгөйүн чечүү. Эгерде шаардын иши үчүн төрт партия биригип, биримдик түзүлсө, биз оппазицияда калуу үчүн да даярбыз, – дейт ал.
Эскерте кетсек, өткөн шайлоолордо “Республика –Ата-Журт” партиясынан шаардык кеңешке 3 депутат шайланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ