Menu

Курманкул Зулушев: “Башкы прокуратурада кадрдык өзгөрүүлөр жана ротация көп болбойт, бирок прокурорлордун иши эске алынат”

Бөлүшүү:

“Биринчи күндөн баштап биз эрежелерди түзүшүбүз керек деп айтып келе жатам. Жетекчи келип-кетип жатат, каалаган мамлекеттик мекеменин кызматкерлери иштей бериш керек”, – деди бүгүн, 20-ноябрда Башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттерге.

“Сеники” жана “меники “деген түшүнүктөрдүн аркасында биз бүгүнкүлөргө жеттик. Кадрлар критерийлер боюнча тандалышы керек: билимдүү, кесипкөй”, – деди Зулушев.

Анын айтымында, кадрдык өзгөрүүлөр жана ротация көп болбойт, бирок прокурорлордун иши дагы эске алынат. Эгерде ал кызмат ордуна туура келсе, анда ал иштейт. Ушундай эле ыкма райондордо жана облустарда дагы колдонулат. Прокурорлордун стимулдары болушу керек. Эгерде ал татыктуу иштесе, анда ал өз ишинин натыйжасын көрөт, карьерасында өсөт,  – деди Башкы прокурор.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: