Menu

Петербургда өспүрүм өзбекстандык мигрантты өлтүрүүгө айыпталууда

Бөлүшүү:

Орусиянын Ленинград облусунда 49 жаштагы өзбекстандыкты өлтүрүү шеги менен 15 жаштагы мектеп окуучусу кармалды.

Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Окуя Всеволожский районунун Лесколово кыштагында болгон. 28-июнда скутер тээп бараткан өспүрүм көчөдө өзбекстандык кишиге жол берген эмес. Экөө чатактага кеткен. Мектеп окуучусу каршылашынын жүрөк тушуна бычак сайган. Ал жергиликтүү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

Сурак учурунда өспүрүм күнөөсүн мойнуна алган. Сот шектүүнү үй камагына бошотту.

Маркум Хикматулло Розиковдун артында эки баласы калды.

Өзбекстандын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулдугу окуяны өз көзөмөлүнө алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: