Бүгүн, 30-ноябрда экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына келди. Бул тууралуу Финполициянын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.
Алардын айтымында, ал учурда сурак берип жатат.
Белгилей кетсек, ал бүгүн саат 17:00гө суракка чакырылган.
Эскерте кетсек, буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы КРнын мурунку вице-премьер-министри Сарпашевге байланыштуу мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталгандыгын билдирген. Тергөөнүн версиясы боюнча, Сарпашев мамлекеттик кызматта жетекчи кызматтарды ээлеп турганда, ал көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, кийин аны жакын туугандарына каттатып, декларацияларда көрсөтпөй койгон.Буга чейин анын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ