Menu

Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана кыргыз-швейцария бизнес кызматташтыгынын өнүгүү келечектери талкууланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 8-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков “Кыргыз Республикасындагы инвестициялык жана ишкерлик мүмкүнчүлүктөр, кыргыз-швейцария бизнес кызматташтыгынын өнүгүү келечектери” аттуу бизнес иш-чарага катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУнун Бөлүмүнүн жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгү, “Швейцария-Россия/КМШ” соода палаталарынын биримдиги (Женева кантону) жана Женеванын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан биргеликте уюштурулган.

Иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Министр Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы учурдагы мамилелердин, анын ичинде экономика жана бизнес чөйрөлөрүндөгү мамилелердин деңгээлин белгилеп, швейцария тарабынын потенциалдуу катышуусундагы приоритеттүү экономикалык жана социалдык долбоорлорго токтолду. Атап айтканда, Министр швейцариялык бизнесмендерди Кыргызстандагы орто жана кичи ГЭСтерди курууга, айыл чарба, мамлекеттик башкарууну жана экономиканы санариптештирүү, туризм, саламаттык сактоо, өндүрүшкө инновациялык технологияларды киргизүү, кийим тигүү, текстиль, кайра иштетүү, жеңил жана тоо-кен өнөр жайлары, региондорду суу менен камсыздоо, транспорттук-логистикалык түйүмдөрдү өнүктүрүү сыяктуу чөйрөлөргө көңүл бурууга чакырды.

Кыргызстандын делегациясы өлкөнүн инвестициялык жана соода-экспорттук мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация  жасады.

Иш-чаранын соңку бөлүгүндө катышуучулардын ортосунда интерактивдик диалог болуп өттү, анын жүрүшүндө Кыргызстанга швейцариялык инвестициялардын көлөмүн жогорулатуу, эки өлкөнүн ортосундагы ишкерлер чөйрөсүнүн бизнес-байланыштарын андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө, Кыргызстандын аймагында биргелешкен приоритеттүү долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: