Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз жоголуп кеткен Рахмидин кызы Мадина табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-март күнү билдирди.
Алардын айтымында, ММКларга кыздын жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат чыккандан кийин күбөлөр милицияга кайрылып, кыздын жүргөн жерин айтышкан. Милициянын кызматкерлери 29-февралда Мадинаны ата-энесине өткөрүп беришкен.
Белгилей кетсек, 17 жаштагы Рахмидин кызы Мадина 23-февраль күнү болжол менен саат 11:30 чамасында үйүнөн таарынып чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп келген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ