Menu

БШК коомдук байкоочулар менен президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 16-ноябрында “Жарандык платформа” коомдук фонду уюштурган “ 2017-жылдагы Президенттик шайлоо, көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарын белгилөө”  деген темада  тегерек стол өттү. Бул туурасында БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирет.

Эске салсак, 2017-жылдын 15-октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо 700дөн ашуун эл аралык , 18 823 жергиликтүү байкоочулар, алдардын ичинен 9599 коомдук, 9224 Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин байкоочулары добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүшкөн.

КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөп, Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин өркүндөтүүдө ачыктыкты жана айкындыкты камсыз кылууга жетишкен коомдук байкоочулар институтунун маанилүүлүгүн белгилеп,  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коомдук жалпы иш үчүн жана калктын ишенимин арттыруудагы жалпы ишке   өнөктөш болгон  жарандык  коомдорго ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө коомдук байкоочулар көз карандысыз байкоолордун жыйынтыктары  жөнүндө жана ошондой  эле шайлоочуларды идентификациялоо боюнча,  добуш берүү жол-жобосундагы  ийгиликтер тууралуу айтып беришти.  “Добуш берүү процесси түшүнүктүү жана абдан жөнөкөй болду,  бул ишке шайлоочу болгону беш эле мүнөттөй убакыт кетирди”-деп белгилешти өкмөтүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары.

Тегерек стол учурунда  төмөнкү уюмдардын докладдары окулду:
– «Жарандык платформа» КФ көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө;
–  «Эгль» коомдук фондусунун өзгөчө категориядагы жарандардын шайлоо укугуна жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы;
– «Таза Шайлоо» ассоциациясынын добуш сатып алуу боюнча социалдык сурамжылоонун жыйынтыгы жөнүндө;
– ошондой эле  “КР Президентин шайлоодо жарандарга ишеним” аттуу жарандардан телефондук  сурамжылоонун жыйынтыгы  тууралуу.

«Эгль» коомдук фонду КР БШКнын аракети менен ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар биринчи жолу шайлоо процессине байкоочу катары катышкандыктарын айтып берди. Бул үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан тийиштүү шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле байкоонун жүрүшүндө  майып жарандарга шайлоо участкалардында шарттар жакшыргандыгы белгиленди.
Коомдук  байкоочулар  сунуш катары  кара пиар даярдап тараткандарга жана атайылып жалган маалымат тараткандарга жазаны күчөтүү сунушун беришти.

Ошондой эле терегек столдун катышуучулары, меймандар-эл аралык байкоочулардын өкүлдөрү  КР Президентин шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулуп  өткөрүлгөнүн  бир ооздон белгилешти.  КМШ Миссиясынын өкүлү Кыргызстан шайлоо системасын реформалоо  боюнча максаттарына жеткенин жана ал башка мамлекеттер үчүн үлгү боло аларын белгиледи.

Тегерек столдун жыйынтыгында  КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова жолугушуунун бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирип, жана  мындан ары да шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүп, шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу зарылдыгын  билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: