Menu

Исаков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын 10 айлык ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын 2017-жылдын 10 айы үчүн ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы кызматтын ишиндеги оңдуу жылыштарды, тактап айтканда, өлкөдөгү экономикалык иштер боюнча келтирилген зыянды калыбына келтирүү жана коррупциялык кылмыштардын алдын алуу боюнча жетишкендиктерди белгиледи.

Мамлекеттик кызматтын төрагасы Замирбек Осмонов маалымдагандай, 2017-жылдын 10 айында республика боюнча 1311 укук бузуу фактысы аныкталган.

Анын маалыматына ылайык, кызмат тарабынан өлкө боюнча отчеттук мезгилде укук бузуулар аныкталган фактылар боюнча 1 млрд 713,5 млн сом артка кайтарылган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,8%га жогору.

«Финансылык полиция органдары тарабынан 752 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 410у сотко жөнөтүлгөн, бул жалпы келген документтердин 21,3% түзөт», — деди Замирбек Осмонов.

Замирбек Осмоновдун айтымында, кызматтык кылмыштар, мыйзамсыз ишкерлик жана ошондой эле салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөн ишкерлик чөйрөлөрдү текшерүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Мындан сырткары Замирбек Осмонов маалымдагандай, тармакта «Жаңы доорго – кырк кадам» программасынын алкагында «Таза Коом» улуттук  долбоорунун негизинде укук коргоо органдарын реформалоо боюнча комплекстүү иш чаралар жүрүзүлүүдө.

Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик органдарда экономикалык жана финансылык кылмыштуулук менен күрөшүүгө өзгөчө басым жасоо керектигин эскертти.

Буга байланыштуу Өкмөт башчы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына экономикалык жана коррупциялык кылмыштарды, мыйзамсыз оюн жана лотереялык ишмердүүлүктү ачыкка чыгарууну, мамлекетке келтирилген чыгымдарды максималдуу түрдө калыбына келтирүүнү тапшырды.

Мындан сырткары эл керектөөчү товарлардын, анын ичинде күйүүчү майлоочу майлардын өлкөгө мыйзамсыз киргизилип, же аймактан чыгарылып жаткандыгы тууралуу фактылар боюнча активдүү иш жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: