Menu

КР ИИМдин генерал Ж.Ш. Шабиров атындагы республикалык окуу борборунун өздүк курамы Чынгыз Айтматовдун үй музейи менен таанышышты

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлигинин милициянын  генерал – майору Ж.Ш. Шабиров атындагы Республикалык окуу    борборунун өздүк курамы Чынгыз Айтматовдун резиденциядагы үй музейи менен таанышып келишти. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

“Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына” карата Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал – майору Ж.Ш. Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун өздүк курамы Чынгыз Айтматовдун резиденциядагы үй музейи менен таанышып келишти. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн кеңири айкын чагылдырууда, коомдогу укук маданиятын жогорку деңгээлге көтөрүүдө жана кызматкерлердин руханий жан дүйнөсүн байытуу максатында Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90-жылдык мааракесине карата, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунун башчысы, милициянын полковниги Кылыч Кадыркулов   өздүк курамы менен
бирге “Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун резиденциядагы үй музейине барышкан. Музейден Чынгыз Айтматовдун дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттен алган сыйлыктары, наамдары, медалдары ордендери жана берген белектери менен тааныштырышты. Чынгыз Айтматов жөнүндө өздүк курамга кеңири маалымат берилип жана өздүк курам тарабынан кызыктуу сууролор узатылып жатты. Андан соң, ИИМдин Республикалык окуу борборунун өздүк курамы эстеликке сүрөткө түшүштү. Жогорудагы айтылган маалыматтар боюнча Республикалык окуу борборунун имаратынын кире беришине өздүк курам тарабынан мекенчилдик сезимди чагылдырган дубал гезиттери чыгарылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: