Бразилиянын Сан-Паулу шаарынан көптөн бери издөөдө жүргөн баңгитөбөл кармалды. Колумбиялык Хуан Карлос Рамирес Аба-дия дүйнөдөгу көптөн бери издөөдө жүргөн адамдардын сап башында турарын чет элдик басылмалар жазды.
Ага ылайык, баңгитөбөлдүн жүргөн жерин маалымдагандарга АКШнын баңги затын жайылтууга каршы күрөшүү башкармалыгы 5 миллион доллар убадалаган. Ага карабастан Хуан Карлос Рамирес Абадия кармалган эмес.
Тартип сакчылары тарабынан колго түшүрүлгөндөн кийин баңгитөбөл жоопкерчиликтен качуу үчүн пластикалык операциянын жардамы менен жүзүн таанылгыс кылып өзгөрткөнүн моюнуна алган. Ал ээгине, жаагына, көзүнө, оозуна, кулагына, мурдуна операция жасаткан.
«Аны эски сүрөттөрү аркылуутаануу мүмкүн эмес болчу. Ал «өзүнүн бизнесин» байланыш аркылуу башкарып турган. Полиция Хуан Карлос Рамирес Абадияны издеп жүргөндүктөн, шектүүнүн телефон байланыштарына байкоо коюшкан. Анын унү мурдагыдан өзгөрбөгөндүктөн, үн аркылуу баңгитөбөлдү таап кармашкан», – деп жазылат маалыматта.
Ал Вразилияда кармалып, АКШга экстрадицияланган. Баңги затын сатып, айландырганын жана бир нече адамды өлтүрүүгө тапшырма бергенин моюнуна алган. Сот аны 30 жылга эркинен ажыраткан.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ