Menu

Тоңдурулган лимон: ракка каршы каражатпы?

Бөлүшүү:

Сиз лимонду тоңдуруп көрдүңүз беле? Биз бүгүн сизге лимонду эмнеге тоңдуруш керек экенин, бул цитрус жемишинин кандай пайдалары бар экенин айтып беребиз.

Алгач кадимки лимон тууралуу

Лимондун ширесинен баштап кабыгына чейин пайдалуу. Анын курамында көп өлчөмдөгү биологиялык активдүү заттар бар. Арасынан негизги орунду төмөнкүлөр ээлейт:

· А, С витаминдери жана флавоноиддер. Булар биригип көптөгөн вирустардан жана микробдордон биздин организмибизди коргошот.

· В1 жана В2 витаминдери. Бул витаминдер зат алмашуу процессинде маанилүү ролду ойношот.

· Д витамини. Балдарда рахит оорусунун алдын алат. Ал эми чоңдордун организминде гормоналдык тең салмактуулукту сактап турат.

· Калий, магний, кальций элементтери.

Курамындагы мына ушул заттардын эсебинен лимонду пайдалануу менен иммунитетибизди көтөрө алабыз, организмибизди сасык тумоо жана башка вирустук оорулардан сактай алабыз, көзүбүздүн көрүүсүн сактай алабыз. Булардан сырткары лимондун арыктатуучу, теринин абалын жакшыртуучу, канды жана кан тамырларды тазалоочу да касиеттери бар.

А тоңдурулган лимон эмнеси менен пайдалуу?

Биз адатта лимондун ширесин алып, кабыгын ыргытып жиберебиз. Же болбосо кесимдерин чайга салып ичебиз да, сырты калат. Лимон ысык чайга же сууга кошулганда өзүнүн пайдалуу касиеттеринин 40 пайызын жоготот. Андан да кызыгы, лимондун өзүнө караганда кабыгында витаминдер жети эсе көп болот. Демек, лимонду тоңдуруп, кабыгы менен кошо пайдалансаңыз,  анын бардык пайдалуу касиеттерин бир нече эсе жогорулатылган өлчөмдө көрө аласыз.

Тоңдурулган лимон ракка каршы каражат: туурабы же жомокпу?

Учурда “тоңдурулган лимон рак клеткаларын өлтүрөт, бул ооруну дарылоодо ал химиотерапиядай эле таасир берет”  деген сыяктуу маалыматтар тарап, атүгүл окумуштуулар изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, анын жыйынтыгында тоңдурулган лимон шишик жана киста менен күрөшүүдө натыйжалуу экендиги аныкталгандыгы тууралуу да айтылып жүрөт. Тилекке каршы, бул маалымат чындыкка жатпайт. Эгерде баары ушундай эле жөнөкөй болсо дүйнөдө рактан өлгөн адам жок болмок. Болгону бул цитрус жемиши организмди токсиндерден, шлактардан тазалап, органдардын ишин жөнгө салат. Иммунитетти бекемдеп, эркин радикалдардын активдүүлүгүн токтотот. А иммунитет төмөн болгондо ар кандай оорулар менен кошо рак клеткалары да пайда болушу мүмкүн. Эркин радикалдар да биздин организмибизге зыяндарды алып келет. Демек, лимонду, анын ичинде тоңдурулган лимонду үзгүлтүксүз пайдалануу менен рактын алдын алса болот экен. Лимон менен рактын болгон байланышы ушул.

Лимонду тоңдуруунун ыкмалары:

Бүтүн бойдон тоңдуруу

Алгач лимонду щётка менен кырып аябай жакшылап жууйсуз. Аны муздаткычтын тоңдургучуна бир нече саатка салып коёсуз. Тоңгон лимонду алып чыгып, кабыгы менен кыргычтан өткөрөсүз.

Кабыгын тоңдуруу

Лимонду аарчып, кабыгын кыргычтан өткөрөсүз. Аны банкага салып, тоңдургучка салып коёсуз да, кайсы убак болбосун алып колдоно бересиз.

Лимон ширесин тоңдуруу

Лимондун ширесин сыгып алып, муз үчүн калыпка куюп тоңдуруп коёсуз. Тоңгон ширени башка идишке салып коюп, чекесинен алып пайдалана бересиз. Лимон музун айрыкча жайында муздак суусундуктарга кошуп ичсеңиз, биринчиден, витамин болот, экинчиден, сергитет.

Тоңдурулган лимонду эмнелер менен жесе болот?

·  Тоңдурулуп, кыргычтан өткөрүлгөн 25 г лимонду йогуртка кошуп жеңиз.

·  Помидор, жаңгак, сыр, шпинат кошулган салатка тоңдурулган лимон кошсоңуз пайдалуу эле болуп тим болбой, салатыңызга өзгөчө даам берет.

·  Ар кандай муздак суусундуктарга: кадимки суу, чөп чай, көк чайларга кошсоңуз болот. Ысык суусундукка кошсоңуз пайдасын азайткан болосуз.

·  Тоңдурулган лимон жемиштерден жасалган салаттар менен да эң сонун айкалышат. Мисалы, алма, мандарин, банан, кивилерди чарчы кылып туурап, йогурт менен аралаштырасыз да, тоңдурулган лимонду кыргычтан өткөрүп кошуп коёсуз.

Нуриса БАЯЛИЕВА

Булак: Леди.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: