Menu

Жаңы-Жерде жерлерди мыйзамсыз басып алган “помещиктердин” айынан чыр чыгып кетпейт деп айтууга болбойт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

8-февралда Коопсуздук кеңешинде чыгып сүйлөгөн сөзүңүзгө ишенип, Сизге 3 жолу, Абылгазиевге 2 жолу арыз менен кайрылдык. “Ит үрө бетет…” болду окшойт, эч жооп болбогондуктан, гезит аркылуу ачык кат жолдоого мажбур болуп отурабыз.

1994-жылы Сокулуктун Жаңы-Жер айыл аймагында жүргузүлгөн жер “реформасы ууру-кескинин кызыкчылыгын көздөп жүргүзүлгөндүктөн, элде нараазылык пайда болуп, 24 жылдан бери 100дөн ашуун ирет түрдүү инстанцияларга арызданып, акыйкат таппай келе жатабыз.

Айыл аймагында каттоодо турган 6594 кишинин 2701ине жер үлүшү бөлүнүп калган, 3893ү куржалак калган. Учурда айыл чарба багытында 5320 га жер болсо, анын 5210 гасы жеке менчикке таандык.

1999-жылы, урматтуу президент, Сиз ЖК агрардык комитетинин төрагасы болуп иштеп турган кезде биздин арызыбыз боюнча комиссия түздүрүп текшерткенсиз: далай мыйзам бузуулар аныкталып, аларды четтетүүнү талап кылгансыз. Бирок, ошондо да маселе чечилбеген бойдон кала берген.

2010-жылкы төңкөрүштөн кийин ЖК профилдик комитетинин төрагасы Э. Сакебаевге кайрылып, атайын комиссия түздүргөнбүз. Тоодой убадалар берилди. Пок да чыкпады.

1992-жылдагы Токтогулдун Толук айылындагы катуу жет титирөөдөн кийин кыргыз Өкмөтүнүн токтому менен Жаңы-Жерге ал жактан 120 түтүн эл көчүрүлүп, там салуу үчүн 381-жана 391-жер контурларынан баары болуп 47 га жер турак-жай салууга ажыратылган. Ошол жылы трансформация, башплан сыяктуу нерселер бүткөрүлгөн.

1993-жылы 18.02да Жаңы-Жер айылдык кеңешинин чечими менен ар бир түтүнгө жер тилкелери бөлүнүп берилген.

Кыргыз өкмөтүнүн 29.01.1992-жылдагы 485-токтомунун 5-пунктуна ылайык мамлекет көчүрүлгөндөргө там салып берүүгө тийиш эле. Бирок, ошол жылдагы инфляцияга жана акча алмашуусуна байланыштуу Жумагуловдун өкмөтү жогорудагы чечимдин 5-пунктун аткарууну убактылуу токтотуп, жогорудагы 47 га жерди өзүбүзгө убактылуу ижарага берген. 120 келгинге Россияга көчүп бараткандардын үйлөрүн сатып алуу үчүн 2,5 миң сомдон пайызсыз кредит берилген. Арадан 1 жыл өтүп-өтпөй кредитти кайтарып бердик.

1998-жылы коррупция жана башаламандык күчөп, ошол 47 га жерди айыл аймагы бизден кайра тартып алып, эскиден жашап келаткан калкка үлүшкө таратып жиберген.

16 жыл мурда Толуктан көчүрүлгөндөр ар кайсы жерди башпааналап, айрымдары эски барактарга отурукташып, көпчүлүк үй-бүлөлөрдө 3-4төн келин, 10-15тен бала пайда болуп, батпай, бул жагынан да проблема күчөгөндөн-күчөөдө.

Жыл сайын бир нече жолудан арызыбыз боюнча комиссия келип, текшерип, маселени биздин пайдабызга чечилди деп кеткени менен, бийлик органдары «ит куйругун жумшайт» болуп, арызыбыз чечилбей кала берүүдө.

Урматтуу Президент! Эзелтен чыр эки кошунанын эки карыш жерди талашуусунан келип чыгаарын эске алсак, 30дан ашуун улут жашаган Жаңы-Жерде жерлерди мыйзамдан тышкары басып алган учурдагы «помещиктердин» айынан чыр чыгып кетпейт деп айтууга болбойт.

Ушул арызыбызды жеке көзөмөлүңүзгө алып, биротоло чечип берүүңүздү суранабыз.

Арыз ээлери: Н. Кемелбаев (0773 79-97-41), Т. Кенжебаев, С. Кочиев, Б. Турдумамбетов, Ж. Абдрасулов Б. Дүйшөбаев,  Б. Сатыкеев, Ж. Максутова, У. Моңолбаев, А. Кашкариев, Ж. Куттуккожоев, К. Турдукеев, О. Жуматаев, Т. Окойбаев жана башкалар.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: