Жогорку Кеңештин депутаты жана КСДП фракциясынын төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина эмне үчүн партиянын ыдырашы президентке пайдалуу деп эсептегенин журналисттерге түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков КСДП партиясынын ичинде эмне болуп жаткандыгын билет.
«Бул бийликке эч ким ишенбейт. Алар партиянын имиджин, Алмазбек Атамбаевди жок кылгылары келет. Алмазбек Атамбаевге бүт тараптан жалаа жабышты. Ага капкандарды коюп жатышат, мынтип аларга өздөрү да түшөт»,-деп билдирди Ирина Карамушкина.
Анын коллегасы Асель Кодуранова баа берүүдө мынчалык катуу сөздөрдү айткан жок. Ал бийлик ар кандай болоорун белгиледи. Асел Кодуранова «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын пайда болушунун артында президент турат деп эсептебейт. «Бирок башка күчтөр бар»,-деди депутат, бирок ал ким жөнүндө айтып жатканын билдирген жок.
Саясий кеңеште ыдыроо бар экенин моюндашып, партия ич ара териштирүүлөргө белчесинен батканы өкүнүчтүү деп билдиришти.
«Бизди атайлап бөлүштүрүп, бири-бирибизге каршы багытташты. Атамбаевге чабуул коюуну чечишти, анткени саясий аренада ал күчтүү лидер»,-деди Ирина Карамушкина.
Ал ошондой эле партиянын каршылаштарынын аны бөлүштүрүүгө күчү жетперин кошумчалап, социал-демократтар 2020-жылкы шайлоодо Жогорку Кеңешке мандат ала аларын билдирди.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ