«Биз мурункусунда дыйкандарга соя өстүргүлө деп кеңеш бергенбиз, бирок жакында дүйнөдө ага болгон баа төмөндөп кетти»,-деп билдирди Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда айыл-чарба министри Нурбек Мурашнв.
Өкмөттүн маалыматына караганда, 2019-жылы айдап-себүү жерлеринин аянты 4,5 миң гектарга көбөйөт. Айыл-чарба министрлиги аталган жерлерде ар бир региондун өзгөчөлүктөрүнө жараша өсүмдүктөр өстүрүлөт деп күтүүдө.
«Приоритеттүү өсүмдүктөр катары көп жылдыктар эсептелет, анткени алардын түшүмү жана эффективдүүлүгү жогору, алар экономикалык жактан пайдалуу. Ошондой эле бакча өсүмдүктөрү, арпа, буудай, дан өсүмдүктөрү, кызылча. Биз соя өстүрүүгө кеңеш бергенбиз, бирок азыр ага болгон баа төмөндөп кетти»,-деп билдирди Нурбек Мурашев.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ