Menu

Толкунбек Абдыгулов: Кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө артыкчылыктуу тартип жөнүндө келишим түзүлдү

Бөлүшүү:

«Кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө артыкчылыктуу тартип жөнүндө келишим түзүлдү», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 19-октябрда, маалымат берген учурда. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«Кечээ Премьер-министр Сапар Исаковдун Казакстан Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү мөөнөтүн калыбына келтирүү маселеси боюнча сүйлөшүү болгон. Жумуш сапардын алкагында келишим түзүлүп, тиешелүү протоколго кол коюлган. Бүгүн эртең менен жарандар менен автоунаалар кадимки график боюнча өтө баштады. Аны менен бирге жеңил автоунаалар, жеке жүгү менен өткөн жүргүнчүлөр, жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар жана бош жүк ташуучу унаалардын өтүүсү да бир топ жеңилдеди. Мындан сырткары эки мамлекеттин биринчи вице-премьер-министрлери башында турган, курамына тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери кирген жумушчу топ түзүлдү», – деди ал.

Биринчи  вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдиргендей кыргыз тараптан барган делегация мүчөлөрүнүн  жарымы мындан аркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Астана шаарында калышты.

«Беш күн аралыгында кыргыз-казак чек арасындагы абалды мындан ары жакшыртуу үчүн протокол иштелип чыгып, ал макулдашуудан өтүшү керек. Беш күн аралыгында биз жол картасын түзүп жетишсек, чек арадагы абал мурдагы калыбына келерине ишенем» – деди Толкунбек Абдыгулов.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун Казакстан Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында кыргыз-казак чек арасында жеке жүгү менен өткөн жургүнчүлөр, жүргүнчүлөрдү ташыган автоунаалар, жеңил унаалар жана жүк ташуучу бош унааларды өткөрүүгө приоритеттүү тартипти камсыз кылуу тууралуу келишим түзүлдү. Жүк ташуучу унааларды өткөрүү шарттары боюнча эки өлкөнүн биринчи вице-премьер-министрлери башында турган жумушчу топтун ишинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрөт.

Азыркы тапта кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттарында абал туруктуу, өткөрүү мөөнөтүнүн жакшырганы байкалууда, жүргүнчүлөр жана жеңил автоунаалар, жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар эч кандай тоскоолдуксуз өтүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: