Menu

Каныбек Нарбаев да мандат бактысын эңсеп, даярдыкты баштады

Бөлүшүү:

Өлкөбүздун архитектура, курулуш мамлекеттик агенттигинин мурдагы башчысы Каныбек Нарбаев учурда саясаттын күнгөй-тескейине баам салып, ага удаа алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу ышкысы жандана баштаганы маалым болду. 2015-жылы ЖК жарышынан багы жанбай калганына мүңкүрөп калбай, андан бери кичи мекени Аксы жергесинен байланышын үзбөй, эл менен иштешкенди башкы максат кылып алганын жердештери да бир ооздон баса белгилешкени айтылууда. Баса, Какебиз убагында баш калаанын башкы архитектору болуп турганда, азыркы мэр Азиз Суракматов кол алдында иштеген экен, мэрлик кызматты колго алар замат бир кездеги шефинин дараметин жакшы билгендиктен биздин каарманды кеңешчиликке чакырса, Нарбаев сыпайы баш тартканынан кабардар болдук. Үлкөн кызматтарды аркалаганга көнгөн Какебиз мэриядагы аты улук, супарасы курук кызматка жабышпай, парламентке барууну эле чечкенби?

Ийгилик Болсунбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: