Menu

Мурадыл Мадеминов, ЖК депутаты: “КСДПда бир катар тазалоолор болот”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мурадыл Мадеминов партиянын ичинде болуп жаткан жагдайга байланыштуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, 6-апрелге белгиленген сьездге чейин партиянын ичинде бир катар тазалоолор жүрүп, партиянын кызыкчылыктарына туура келбеген мүчөлөрдү КСДПнын катарынан чыгаруу орун алат.

“Бул нерсе партиянын катарына жаңы кошулуп, бирок саясий кеңештин чечимин колдобой, текшерүүдөн өтпөй калган мүчөлөргө дагы тиешелуу болот. Бул жерде кеп Иса Өмүркуловду Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясынын лидерлигинен алуу жөнүндө болуп жатат. Эгерде анын уяты жол берсе, лидерлик кызматында отура берсин, бирок, ал фракциянын легитимдүү эмес башчысы”-дейт М.Мадеминов.

Эл өкүлү ошондой эле, келээрки 2020-жылкы парламенттик шайлоодо партиянын учурдагы кээ бир депутаттары шайлоого башка саясий уюмдар аркылуу катышаарын, ал эми КСДП болсо, аларсыз эле күрөшкө чыгарын айтты.

“Биздин партия эң эски партиялардын бири, ал көптөгөн өзгөрүүлөрдү башынан өткөргөн. Учурдагы кырдаалда мен эч кандай коркунучтуу нерсени көргөн жерим жок” – деп белгилеген депутат.

КСДПнын ичиндеги бөлүнүү жөнүндө алгачкы болуп Ирина Карамушкина билдирип, партиялаштарына саясий уюмдан чыгууну сунуштаган.

Ал эми депутат Абдывахап Нурбаев партиядан чыгууга эч кандай негиз жок экенин билдирген.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: