КР ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгүн катышуусу менен орус полициясы тарабынан Кыргызстандын жаранынан 2 миллион рубль акча каражатын талап кылгандар кармалышты. Бул туралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
16-июль күнү КР ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө 26 жаштагы Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну кайрылып, чала тааныш адамдар ири суммадагы акча каражатын талап кылышып, тоноп кеткен фактысын билдирген.
Аныкталгандай, Москвада июль айынын башында бир нече белгисиз адамдар жабырлануучудан 2014-жылда чыккан «Ситроен С-ELYSEE» үлгүсүндөгү автоунаасын, 10 000 рубль акча каражатын, паспортун, айдоочулук күбөлүгүн тартып алышкан. Андан соң, кылмышкерлер акча талап кылышып, документтерин кайтарып алуу үчүн 2 000 000 рубль сурашкан. КР ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлчүлүгү РФ ИИМдин Москва шаары боюнча бөлүмү менен биргеликте жүргүзүшкөн ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө 19-июль күнү жогоруда аталган кылмыш ишине тиешеси бар жарандар кармалган. Кыргызстандын жаранынын наамына берилген паспорт, айдоочулук күбөлүк жана автоунаа алынып, топтолгон материалдарга тиркелди. Азыркы учурда РФ ИИМдин аймактык бөлүмүнүн тергөө бөлүмү тиешелүү ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ