Menu

Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча сотто мамлекеттик айыптоо Алмазбек Атамбаевди 15 жылга кесүүнү суранды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда кримавторитет Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук отурум улантылды.

Отурумда тараптар жарыш сөзгө чыгышкан. Буга чейин прокурорлор мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди соттук отурумга алып келүүнү суранышкан. Бирок Атамбаев ден-соолугунун начардыгын айтып, жыйынга катышуудан баш тарткан.

Мамлекеттик айыптоо Алмазбек Атамбаевди Батукаевди бошотуу үчүн акча алып, коррупцияны уюштургандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратылышын суранууда. Ошондой эле, прокурорлор мурдагы президентти бардык мамлекеттик сыйлыктардан ажыратууну суранып жатышат.

Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөө иши 2019-жылдын январында башталган. Октябрь айында сотко өткөрүлүп берилген.

Аталган кылмыш ишинде 19 адам: диагноз койгон дарыгерлер жана лаборанттар, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү жана башка жогорку кызматтагы адамдар, анын ичинде мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев айыпталуучу катары өтүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: