Menu

Журналист диний кастыкты козуткан деген шек менен соттолууда

Бөлүшүү:

Өзү жазган “Кыдыр санжырасы” китебинин текстинин айрым жерлеринде “мусулманчылыкка шек келтирип, ага коркунуч жараткан” деп күнөөлөнүп жаткан кыргыз журналисти Зулпукаар Сапановдун иши боюнча соттук териштирүү башталды. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. 5-июлда алгачкы жыйын өттү, кийинкиси 18-июлга белгиленди.

Быйыл февраль айында Бишкекте “Акыл-эс, ыйман” коомдук уюмунун жетекчиси Дүйшөн Абдылдаев, теолог Кадыр Маликов, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу, Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков журналист З.Сапановдун жазгандарына каршы пикирин айтып чыгышкан.

Бирок автор аталган китепте эч кандай бөлүп-жаруу же башка диндерге шек келтирүү жок, бул боюнча диндарлар атайын эле талаш-тартышты козутуп жатат деп айтып, өз максаты – кыргыз улутун биримдикке чакыруу экенин билдирген:

– Китептин эң негизги өзөгү – кыргызды бириктирүү. Кыргыздын санжырасындагы оң, сол, ичкилик деген бөлүнүүлөрүн бириктирүү максатында жазылган. Ошол жерде бизге Кыдыр атабыз өзөк болуп берээрин айткам.

З.Сапановго каршы кылмыш ишти Кыргызстандык Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети козгоп, тергөө жүргүзгөн. Айрым адистер З.Сапановдун дин жана санжыра жааатындагы өз жоромолун эркин маалымдоого толук укугу бар деп айтышууда. Кыргызстандын баш мыйзамы сөз эркиндигин тастыктаган, цензураны четке каккан беренелерге ээ.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: