Menu

Күндүзү оппозиционер, түнкүсүн бийлик короосун акмалаган Алмаке

Бөлүшүү:

Негизи Алмамбет Шыкмаматов экрандын астында мурдун барбайтып алып, тапандана эрдемсий сүйлөсө «баракелде» дейт да билбегендер. А табиятынан ички дүйнөсү назик, асанкайгы, сак жигит. Үстүнөн кылмыш иши козголгондон бери жама-ан бушайманга түшүп, бери карап сурданып, ары карап сумсайып эле жүрөт. Жакында бийликтин күч органдарын тескеген эски соратнигине Алмаке барып, кыйла муңайыптыр. «Убагында чогуу эле жүрдүк элек дос, жардам берчи? »деп. Анда эски досу «жардам бергеним ушул да, камалбай жүрбөйсүңбү…»дептир. Ошондон кийин Шыкмаматов шарттуу түрдө соттолууга, мандатынан ажыраса деле камалбай эркиндикте жүрүүгө көнүп бердиби? Эми бармагын тиштеп аткандыр. «Аялымдын машинесин кайдан тендерге аралаштыра коюп, арзыбаган акча үчүн башыма балээ үйгөнүм керек беле?» дегендей. Эч нерсе эмес Алмаке, бул да турмуштук сабак эмеспи. Ушинтип жүрүп оңолосуң, болбосо жоголосуң…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: