Menu

Референдум тууралуу мыйзам кабыл алынбай жатып, референдумдун датасын дайындоо канчалык деңгээлде мыйзамдуу?

Бөлүшүү:

Каныбек ИМАНАЛИЕВ, ЖКнын депутаты:

“КОНСТИТУЦИЯНЫ КАБЫЛ АЛСАК ДАГЫ, АДАМГЕРЧИЛИК МЕНЕН КАБЫЛ АЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК”

– Бул логикалык, моралдык жактан алганда дагы таптакыр туура эмес болуп жатат. Конституцияны кабыл алсак дагы, адамгерчилик менен кабыл алышыбыз керек. Иштин баары кынтыксыз аткарылганда биз мынчалык каршы болмок эмеспиз. Мына азыр сиз айткандай референдум жөнүндө мыйзам жок, бирок референдум өткөрүү боюнча датасын коюп, баарына даярданып жатабыз. Бул эмне деген шумдук? Мунун баарын эске алганда деле азыр баш мыйзамды өзгөртүү акылга сыйбаган нерсе.

Дастан БЕКЕШОВ, ЖКнын депутаты:

“УЧУРДУН ТАЛАБЫН АТКАРБАСАК КИЙИН КЕЧ БОЛУП КАЛАТ”

– Биз азыр талкуулап бүтө элекпиз да. Жаңы гана талаш ы п т а р т ы ш ы п баштадык. Мыйзамдуу өзгөртүү учурдун талабы. Учурдун талабын аткарбасак кийин кеч болуп калат. Деги эле ушул маселенин тегерегинде сүйлөө азырынча эртелик кылат. Анткени үч окуудан өтө элек. Калганын убагында көрөбүз.

Канат ИСАЕВ, ЖКнын депутаты:

“ОРЧУНДУУ ДЕЛЕ ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗИЛБЕЙТ”

– Канчалык деңгээлде мыйзамдуу же мыйзамдуу эмес экендигин юристтер кандай гана талаштартыш жаратканын уктуңар. Мунун баары эки окуудан өттү. Принципиалдуу маселе боюнча бүгүнкү күндө талаш-тартыш туудурган жок. Үчүнчү окууда анча-мынча өзгөртүүлөр болбосо башка орчундуу деле өзгөртүүлөр киргизилбейт. Эгерде бул үчүнчү окууда өтпөй кала турган болсо анда ал таптакыр башка маселе.

Адиль ТУРДУКУЛОВ, коомдук активист:

“4-ДЕКАБРДА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРСӨ ДЕЛЕ, БИЗ АНЫ КАЙРА ЖОККО ЧЫГАРАБЫЗ”

– Саясый дагы, укуктук жактан дагы жаңы референдум өткөрүү туура эмес. Ошол нерсени түртүп жаткандар эртеби-кечпи жоопко тартылат. Президенттин тегереги жандалбастап, мыйзамга кол шилтеп, жаңы Конституция кабыл алганга бүт бийлик бутактарын түртүп жатат. Максаты, 6 жылда эч жыйынтыгы жок өлкөдөгү кейиштүү абалга жооп бербөө жана бийликти сактап калуу. Алар пландагандай 4-декабрда референдум өткөрсө деле, биз аны кайра жокко чыгарабыз. Азырынча биз референдумду болтурбоо жана парламентти таркатуу боюнча кол чогултуп аймактарга чыгабыз.

Бакыт КАЛМАМАТОВ, экс-депутат:

“МЫЙЗАМГА БАЙЛАНЫШТУУ ЖУМУШТАР ДАЙЫМА МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ГАНА БОЛУШУ КЕРЕК”

– Баш мыйзамга өзгөртүү кириш керек экендиги бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кандай гана мыйзам болбосун ал тигил же бул учурда жаралган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталат. Баш мыйзам менен жөнөкөй мыйзамдын айрымасы баардыгы эле эрежелерди жөнгө салат. Мыйзамды өзгөртүүчү атайын эрежелер бар. Мыйзамга байланыштуу жумуштар дайыма мыйзам чегинде гана болушу керек. Кандай кылып алмаштырып жатышат, кандай жолду тандап жатышат ал тууралуу таптакыр маалыматым жок.

Курманбек ОСМОНОВ, экс-депутат:

“ЧЫНДЫГЫНДА РЕФЕРЕНДУМДУН КҮНҮН ДАЙЫНДАГАНГА ЭЧ КАНДАЙ ТОСКООЛДУК ЖОК”

– Эски Конституциянын нормалары боюнча дайындап койсок керек. Мурдагы нормаларды түз колдонуп туруп референдумдун убактысын тактап коюшту окшойт. Жаңы мыйзамды кабыл алып, ошонун эрежелери менен өткөрөбүз деп жатышат. Чындыгында референдумдун күнүн дайындаганга эч кандай тоскоолдук жок. Конституцияда “элдик маанилүү маселелерди референдум кылып каалаган убакта алып чыкканга болот” деген норма бар. Ошону азыр колдонуп жатышат. Конституцияны өзгөртүүдө биринчи башында киргизген сунуштар чындыгында таптакыр жарабайт болчу. Мыйзам долбоордун өзүнө дагы өзгөртүү толуктоолорду киргизишиптир, кийинки варианттары абдан жакшы деп жатышат. Бирок өз көзүм менен окуган жокмун. Баардык нерсе түбөлүктүү эмес. Конституцияны өзгөртсөк болот.

Эрнис КЫЯЗОВ, журналист:

“ӨЗҮН КУДАЙ СЕЗГЕН АЗЫРКЫ АЗАМАТТАР БУЮРСА ӨЗДӨРҮ ЭККЕН ЭГИНИНИН ТҮШҮМҮН АЛЧУ МЕЗГИЛ АЛЫС ЭМЕС”

– Үч режимдин эң былгыган, сасыган логикалык “көбүгү” дал мына ушул Атамбаев режимине туш келип туру. Атамбаев эч кимди көзүнө илбеген, эч бир мыйзамды уруп ойнобогон, өтүгүн унутмак турсун, өтүгүн төргө илген учурду баштан кечирип жатабыз. Бир жакшы макал бар, бул макал тарыхта нечен практикадан ийленген, далилденген макал, “эмнени эксең ошонун түшүмүн аласың” дейт. Атамбаевдин чачпагын көтөрүп өзүн кудай сезген азыркы азаматтар буюрса өздөрү эккен эгининин түшүмүн алчу мезгил алыс эмес.

 Даярдаган Баян КУЛОВА   

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: